Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов Ички иштер министрлигинt сурак берип чыкканы маалым болду. Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү» деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда «Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз» деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган. Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты. Ушу тапта ИИМде ЖК депутаттары Жанарбек Акаев жана Алтынбек Сулайманов сурак берип жатышат.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атаган. Ал “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деген.

Интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанар Акаевдин аты аталган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Интернеттеги аудиону саясий каралоо экенин жазып жатышат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here