Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев кечээ күнү Олимпиада оюндарынын күмүш медаль байгесинин ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы жана Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз -келиндер улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду сыйлады. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан Тыныбекова менен Изабековго 50 миң сомдон берип, алардын ийгилиги менен куттуктады.

Нурбек Өмүрбекович буга чейин да Кыргызстандын желегин желбиретип, намыска жарап жаткан спортчуларга колдоо көрсөтүп келген. Эске салып айта кетсек, Токио Олимпиада оюндарында медаль тагынышпаса да, намыска жарап, өздөрүн татыктуу көрсөтүшкөн (8ге чейинки орунду камсыз кылгандар) спортчулар: Жоламан Шаршенбековго, Бакдөөлөт Расулбековго жана Айпери Медет кызын акчалай сыйлык менен сыйлоо боюнча министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго сунуш берген. Натыйжада вице-спикердин сунушу эске алынып, жогоруда аттары аталган спортчулар 1 млн. сомдон акчалай сыйлык алышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here