Кыргызстандын шахмат федерациясынын мурунку вице-президенти Капаров Мырза Нуралиевич дүйнөдөн кайтты.

Ал бүгүн, 7-сентябрга караган түнү инфарктан улам каза болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 8-сентябрда Чоң-Кеминдин Тегирменти айылында өтөт.

Мырза Капаров 1980-жылы 13-апрелде Кемин районунда туулган. КМУУну юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Кыскача өмүр баяны:

1980-жылы Кемин районунун Тегирменти айылында туулган.
2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридикалык факултетинин бүтүргөн.
2003-2006-жылдары Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорлору боюнча ишмердүүлүктүү коррдинациялоо боюнча башкы башкармалыкта жетектөөчү жана башкы адис болуп иштеген.
2006-2007-жылдары өкмөттүн юридикалык бөлүмүндө эксперт.
2007-2009- жылдары Президенттик администарциянын укуктук анализ жана экспертиза бөлүмүндө эмгектенген.
2009-2010-жылдары Юстиция министрлигинин Мыйзамдарды коррдинациялоо боюнча борбордун директору болгон.
2012-жылы өкмөттүн Уюштуруу жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүндө эмгектенген.
2012-2017-жылдары жылы өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү, транспорт жана курулуш бөлүмүндө эксперт.
2018-жылы Өкмөттүн аппаратынын жетекчисине кеӊешчи болгон.
2018-жылдан бери Ысык-Көлдөгү “Мурас” питомнигинин коррдинатору.
Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеӊешчиси.
1993-1994-жылдары Шахмат боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болгон.
2015-жылдан бери Кыргызстанжын шахмат федерациясында вице-президент.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы

Ал белгилүү акын, публицист Нуралы Капаровдун уулу. Мырза Капаров былтыр «Замандаш» партиясынан талапкер болуп, ЖК шайлоосуна катышкан эле. Ыйманы саламат, жаны жанатта болсун…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here