Манасчы беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кетип, иш-чара 31-августта саат 12:00дө башталган. Бүгүн  Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн манас айтуусун жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кеткен. Иш-чара 31-августта Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында башталган.

Сыдыков узак мөөнөткө манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып жатат. Ал буга чейин Бишкекте тынбай 14 саат 27 мүнөт айткан. Москвадагы манас айтуунун биринчи күнүндө тынбай 20 саат айтып, өзүнүн мурунку рекорддун жаңыртты. Манасчы 6 күндө жалпысынан бир аз эс алуу менен 111 саат манас айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here