Кыргыз  Республикасынын  маданиятына  эмгек  сиӊирген ишмер, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев  Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланды. Бүгүн президент эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына элге эмгеги сиңген инсандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. 71 жаштагы Баратбай Аракеев кыргыз журналистикасында 45 жыл үзүрлүү эмгектенип, өзгөчө ар кыл багыттагы аналитикалык макалаларды өтө курч жазганы менен айырмаланып, бул тармакта чоң үлгү көрсөткөн. Ошондой эле ал: “Кайырылчы өмүр”,  “Чаӊдагы гүл”,  “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол” ж.б. аталыштагы ондон ашуун китептердин автору. Анын калемине таандык  “Чал күйөө” деген аӊгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгүч” аттуу кино тарткан. Акаевдин 15 жылдык президенттик башкаруусун чагылдырган  “Ажонун акыркы күнү” деп аталган романын көп жылдан бери жазып келет…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here