Биз бүгүн эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилегени олтурабыз. Бул тарых үчүн абдан кыска убакыт, бирок адамдын жашоосу үчүн бир муундун мезгили десек жетишээрлик эле мезгил. Биз ушул учурда эмне кылдык, эмнеге жетиштик? Ооба кылчайып арта карасак абдан эле оор, экономикалык абалдар, социальдык багытта кыйын эле учурлар болду, завод фабрикалар токтоп,эл ишсиз калды, айыл чарбабыз таланып-толонуп итке минерлик акыбалга келди, шлуундар элдин 70 жыл топтогон байлыгын мүлкүн менчиктештирип, сатып,  анын эсебинен байып жатышты.

Баарын сатып бүткөндөн кийин ооруканалар (поликлиникалар), бала- бакчалар жана башка мекемелер( коомдук турак — жай ж. б) текейеден арзан шлуундардын колуна өттү. Бүгүн алар өтө бай «адамдар», өздөрүн такыр башкача сезишип, элди бийиктен карашат. Мындай мезгилде элибизде оорукчандардын саны өстү жалпы өлүмдөрдүн көргөзгүчү өзгөчө балдардын, энелердин өлүмүнүн саны  да жогору болду. Ошол мезгилде көп деген мыкты врачтар да чет өлкөлөргө үй бүлөсүн багуу үчүн кетип жатышты, тилеке каршы бул агым азыркыга чейин уланып келет. Бирок эли жерим деген чыныгы патриоттор калып өзүнүн билимин бүт кызматтын элим үчүн деп маянанын аздыгына карабай иштебедиби.

Азыркы сөз ошол улуу инсандардын бири Узакбаев Камчыбек жөнүндө болмокчу…

     Ээн, түз талаага ( эски аэропортун ордуна, Жал кичи районунун тушунда) чуркап жүрүп инвестиция тартып балдардын ооруканасын салып жүрдү, ал мезгилде өзү  бир эле учурда архитектор проектировщик, курулушчу, башкы врачтын да кызматын аткарды. Иштеген элдин айлыгы үй бүлөсүнүн ичкен тамак — ашына жетпей турган учурда ар бир чиновниктин эшигин тешип олтуруп курулуш иштеринин 90% бүтүргөнгө жетишти, эми иштетиш үчүн заманбап медициналык аспаптар, оборудования керек ага керектүү каражат өлкөбуздө такыр жок эле. Бир гана жол гранатовый ( бекер)инвестиции тартуу керек болчу! Долбоорлорду жазып кимге гана кайрылып, барган жок, акыры аракетинин жыйынтыгы чыгып Япон эли, мамлекети ушул балдар ооруканасына биринчи эү чоң социалдык багыттагы грантты (бекер ), жардамды суммасы -4,5 млн. доллардык медициналык аспаптар, оборудования түрүндө берди! Анын ичинде Борбордук Азиядагы биринчи ядордук магниттик томограф аппараты да бар, ал аппаратка түшүп диагозун тактоо үчүн оорукчандар айлап кезеке турчу, аппарат күнү-түнү иштеп миңдеген  адамдардын диагнозун тактап өмүрүн сактап калды,(бул аппарат бүгүнкү кунгө чейин иштеп келет), андан башка оборудованиялар да ал мезгилде Кыргызстанда жок, өтө кымбат эле. Жаңы бөлүмдөр ачылды: эндокринология, гастроэнтерология, тубаса оорулар, балдардын нейрохирургиями, көз оорулар бөлумү жана башка өтө керектүү  бөлүмдөр ачылды. Бүгүнкү күнү бул бөлүмдөр канча деген балдарга жардам берип өлүмдөн алып калып, көп деген үй-булөгө кубаныч,  бакыт  тартуулады.

 Дагы эң негизгиси -өтө  зарыл кесипкөйлөрдүн командасын топтоду, тарбиялады, өстүрдү! Бүгүн бул мекемени биздин өлкөдөгү ар бир жаран билет, ал түгүл алыскы өлөкөлөр дагы билет! Бир сөз менен айтканда Эне жана баланын ден-соолугун коргоо боюнча улуттук борбор бара-бара Кыргызстандагы бирден-б- бир балдардын эң башкы ооруканасына айланды. Бул борбордун пайда болушу биз сөз кыллып жаткан Узакбаев Камчыбек байкебизге түздөн-түз тиешелүү болгондуктан, аны айтылуу борбордун, камкор, адискөй «атасы» деп атасак туура болот. Деги эле Кыргызстандагы дарыгерлерибиздин басымдуу бөлүгү элдин ден-соолугун чындоо менен алек болуп келишет. Ал эми бул иш менен катар оңойго турбаган чоң ооруканаларды куруу иштери менен алек болгон дарыгерлер өтө аз. Алар: М. Мамакеев, М. Мамытов, К. Узакбаев. ж.б.

   Кийинки эле 2-3 жылда Камчыбек байкебиз  өзүнүн  аракети менен 1,5 миллиар сомдук Кувейт элиненен инвестиции тартып (Ас Сафа фонду аркылуу) жаңы  2 -корпустун курулушун бүтүрдү. Ал имарат колдонууга   2020 — жылы берилди.  Бүгүнкү учурда  дагы 2 жаңы 5 кабаттуу корпустун курулушу жүрүп жатат. Буйруса, жакында ал мекмеде колдонууга берилди. Мындан башка да гранттык жардамдардын эсебинен тубаса кулагы укпаган балдарга жардам берүү үчүн Германия, Катар жана башка өлкөлөрдөн кесипкөйлөрдү тартып көп деген балдарга кохлеардык аппараттарды бекер коюу операциясы жасалды.  Айта кетсек, бул бир эле аппараттын баасы 18-22 миң еврону чапчыйт.

Мындай татаал иш, татаал операцияларлдын ийгиликтүү ишке ашып жатканы ошол муктаж үй-булөлөр үчүн абдан зор бакыт эмеспи.  Бул борбордо биринчилерден болуп бөйрөк алмаштыруу операциясы да ийгиликтүү жолго коюлуп, жазалып келет. Жаңы ара төрөлгөн наристелердин арасында кездешүүчү өтө оор көрбөй калууга алып келген ретинопатия оорусун дагы алдын ала диагнозун тактоо да ушул борбордун кесипкөйлөрү өздөштүрүп жардам берип келет.

 Бирок азыркы учурда өлкөбүздө керектүү  аспаптар жоктугунан мындай оору менен ооруган наристелерди чет олколорго алпарып даарылоого муктажбыз. Азыркы учурда ушундай оору ооруган балдарга жардам көргөзгүчү бөлүм  да Кувейттик Ас Сафа фондусунун каржылоосу менен курулуп жатат. Мындан башка да ушул фонддун жардамы менен заманбап кулак — мурун, нейрохирургия бөлүмдөрү курулууда!

Учурдан пайдаланып ушул фонддун негиздөөчүсуү шейх Ал-Шаяга, жетектөөчү кызматкери мырза Ибрагим Мальсаковго жана башка иш алпарган адамдарга жана эң башкысы өз өмүрүн балдарыбыздын саламаттыгына сайып койгон Камчыбек Узакбаев агабызга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайбыз.

6 КОММЕНТАРИИ

  1. Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Сизди канча киши билсе, Камчыбек Аскарбековичти ошончо киши билет, сыйлайт. Аябай чон салым Кыргызстандын медицинасына салган, балдардын ден соолугуна коп камкор корсоткон. Алтынай убактынызды жумшап, ушу кишинин ишин баалап коюнузчу, суранам.

  2. Эн мыкты дарыгер. Оз Ишин так аткарып, коп энелерге жана Балдарга жардам берген. Талыкпай эмгектенип, азыркы турган Джал больницасын озу курган. Таза эмгек менен коп жакшы нерселерди кылды. Оорукананын эн Жогорку денгээлде жеткирди. Ооруканага Бир гана Кыргызстандыктар эмес, жакынкы коншу мамлекеттерден келип дарыланып турушчу. Эн мыкты адистерди Чакырып, коп операцияларды бекер жасачу.

  3. Узакбаев Камчыбек профессор медицинских наук, Джал больницаны башынан озу куруп, чон салым салган. Озун ишин так билген, коп операцияларды балдарга акысыз жазачу.

  4. Камчыбек Аскарбековичтин кыргыз медицинасына кошкон салым зор. Коп деген жаш врачтардын устаты. Жаш балдарыбыздын ден соолугу учун жанын уроп эмгектенип келет. Жооптуу ишинизге ийгиликтерди каалаймын Камчыбек Аскарбекович!

  5. Уважаемый президент Садыр Нуркожоевич обратите внимание на бывшего директора НЦОхМиД Узакбаева Камчибек Аскарбековича который не справедливо был снят с занимаемой должности благодаря некоторым коррумпированным чиновникам и алчным не добросовестным людям. Благодаря Узакбаеву К. А который стоял с первых дней строительства НЦОхМиД. Он душой и телом болел за каждого пациента. Почти всех хороших врачей мы растеряли они разъехались по заграницам,если так будет продолжатся что станет с нашей республикой. Обратите на это внимание. Мы сквозь пальцы теряем наших профессионалов.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here