Кечээ күнү 5-6 алты адам  аксакал башы менен Бишкекте азирети муфтий Замир Ракиевдин кызматтын кетишин талап кылып чыгышты. «Жылан чакпай, жылкы теппей» эле, чаламандын чак түшүндө чарылдап чыккан чалдар кимдер? Албетте, мындай суроо жаралбай койбойт.  Мындан эки ай мурун гана Кыргызстандын Аалымдар кеңеши бир добуштун шайлашкан азирети муфтий Ракиевге бут тосуп, асылган аксакалдардын артында кимдер турат? Муфтий болом деп талпынып талапкер болуп чыккан Султан Гапуров турабы? Билгенибизге караганда, ал киши ушу тапта муфтиятта бөлүм башчы болуп иштейт экен. Эгер Гапуровдун тиешеси жок болсо. Элге ачык чыгып эле айтып, үн катып койбойбу. Деги Султан Гапуров деген ким өзү?

Мурунку муфтийди «таблигчи» дешчү эле, азыркы муфтийди «гуленчи» деп чыгышты. Деги буларга кимди алып келиши керек? Кыскасы, бул аксакалдар өздөрү жеткен акылдуу болуп бүтүшүп, башкаларга акыл үйрөтүү менен алек болуп келишкен окшобойбу? Минтип жазганыбыздын да себеби бар, анткени бул аксакалдар буга чейинки муфтийлерге да каршы чыгып, алардын кызматтан кетишин талап кылып жүрүшкөн экен. Байкасак, ошончо обу жоктонуп, коомчулуктун көңүлүн буруу аракети менен чыгышканы менен муфтий Ракиевдин мыйзам бузган бир ишин, же бир аракетин айта алышкан жок. Болгону ич күйдүлүк окшойт. Анан калса, УКМКны бир сыйра каралап өтүштү. УКМК десе, коомчулук Камчыбек Ташиевди түшүнүшөт. Демек, алар Ракиев эле эмес Ташиевди да кароолого чыгышканын түшүнүүгө болот. Элге далили жок маалыматтарды сиңирүүгө аракет кылган бул аксакалдардын айткандарын, жасаган аракеттерин УКМК тыкыр текешрүүгө алышы зарыл. Болбосо, 5-6 адам Ак үйдүн алдына чыгып алып эле, ар кайсыны айтып ажылдай беришсе, жалпы коомчулуктун да кыжыры кайнайт да. Андыктан, мындай “акылдуу аксакалдардын” тизгинин тартып, бакубат карылыкка балкып, небере-чөбөрөлөрүнө жакшы тарбия берүүгө чакырып коелу. УКМК баштаган укук оргоочулар болсо мыйзамга ылайык ак -карасын териштирип, аракетин кыла беришсин.

Замир кары Ракиевдин муфтий болуп шайланышына эки ай мурун эч ким каршы болгон эмес. ал салтуу динди карманган, билими терең, муфтияттын кадыр-баркын көтөрүүгө даремети толук жеткен инсан экени бир ооздон айтылган. Мындай татыктуу инсанга тантырып ар кайсыны айта бербей, иштегенге мүмкүнчүлүк берип, колдоо көрсөткөнубүз акылга сыяр иш эмеспи.

Ракиевдин билимин, эмгегин билбегендер үчүн:

Билими:

  • Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу — Магистр» адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими;
  • 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору;
  • 2010-2011 — Нарын облусунун казысы;
  • 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
  • 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген. 2020-жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган;
  • 2021-жылдын 26-июнунда Кыргызстандын муфтийи болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы. Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here