Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ал эми ЖКнын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна ыраазычылык кат тапшырылды.

Алар сыйлыктарды 23-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземинде президент Садыр Жапаровдун колунан алышты. Президент мындан тышкары Мелис Турганбаевге Алкыш баракчасын ыйгарды

Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенти, Турганбаев менен Асылбек уулу Күрөш федерациясынын вице-президенттери.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here