Өзгөндө 12 жаштагы кыздын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарында жашаган 12 жаштагы өспүрүм кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу билдирүү келген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кыз Өзгөн РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган. Ал аталган күнү көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан ажаткананын жанында белгисиз жаран зордуктаганын айткан. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы боюнча аталган кыздын зордукталганы аныкталган.

Бул факт боюнча 24-июлда Жазык кодексинин 162-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here