(Кыргыз  элинин  белгилүү  хирург -профессору  Оморов  Рахатбек  Арсыбековичтин  бейнесине  сүрөттөмөлөр). 

Биздин   бактыбызга  жаралган, жылдызы  жаркып  жанган таланттуу хирургдарыбыздын  аттары алиге  чейин эсибизден  кетпей,  алардын  аты менен сыймыктанып  журобуз.  Элибиздин белгилүү хирургдары  Иса  Коноевич Ахунбаевди, Рыскулова Какиш  Рыскуловнаны,  азыркы агайыбыз Мамакеев  Мамбет  Мамакеевичти элестеткенде, канчалаган эмгек  менен элге таанылган  инсандардын элеси көз алдыбызга тартылат. Биздин Улуттук хирургиянын  башатын  баштап  берген  атактуу хирург  профессор Анатолий Николаевич Кругловдун  өзүн көрбөсөк  дагы  атын уккан жайыбыз бар. Ушул биздин   улуу  муундун тажрыйбасын улантуучу   болуп азыркы мезгилде жылдызы жанып, колу  женил хирург  аталып жургон инсандарыбыз   ошол  жогоруда  аты  аталган  мугалимдерибизден  окуган. Биз  сөз  кыла  турган  каарманыбыз ичеги-карын ооруларынын  хирургиясы (абдоминальная хирургия) багытында иштеген Оморов Рахатбектин аты Республикабыздын   элдерине  кеңири  белгилүү.  Каякта  жүрбосун   эл  үчүн деп жүрөгү соккон, түнкү уйкусун  бузуп, учуру келсе оорулуу үчүн жанын аябай  аркеттенген белгилүү  хирургдун иштөө убактысы танкы саат 6:00 дөн башталып,   убакыт —  саатына  карабай күүгүмгө чейин,   бейтаптарга  жардам  берип ооруканадан  кетпей  жүргөнү-жүргөн.

Мен курсташ катарында,  биринчи курстан баштап бир бөлмөдө жашап калганыма байланыштуу,  Рахаттын  сырын  бөлөктөрдөн  көбүрөөк билем.                        Айылдан  келген  балдар,  бир чети  шаардык  эрежеге  калыптана  албай, же  орусча  тил билбей  башында  көп  кыйналып жүрдүк.  Биз жашаган жатакананын  бөлмөсүндө  төрт  бала  жашагандыктан, үчөөбүз  байма-бай,  Рахат райондук  мектепте  орусча  окуп  калганына  байланыштуу,  орусча  бул кандай болот, тиги кандай болот деп тажатма суроолорду  ар тараптан  бере берчүбүз. Өзү берилип окуп жатса дагы,  көпкө  чейин жооп берип  жатып,  чарчап кеткенде  өзүңөр  окугулачы деп  кыйкырып калаар  эле.

Азыр ойлосом  ошондо эле  Рахаттын чечкиндүү,  бир  ишти бат бүтүрө  койгон далалаты  бар экен. Буга  мисал,   үчөөбүз эртең  менен  чай  ичмейин  сабакка шашчу эмеспиз, Рахат болсо нанды суу менен бурдап алып,  чуркаган бойдон  сабакка  жөнөп кетчү. Мединституттагы мугалимдер  кечиккен студенттерди  сабакка  киргизбегенине   байланыштуу,   башында  көпкө  көнө албай окуудан жапа чегип жүрдүк. Бирок  айласыздан  жагдайга ыңгайлашып, бара-бара айылдагы  ыкшоолукту  таштап,  биз дагы   эрте турганды  үйрөндүк . 

Кийин төртүнчү курска келгенде   хирург  болчу  балдар  кечкисин  кружокторго  катышып,  ооруканадагы нөөмөткө   тура баштады. Хирургиялык  тикмени   үйрөнүп,   колдоруна  жип кармап, ар түрдүү  ыкмаларды  жасай беришчү. Биз анда булардын  белгилүү  хирург   болорун кайдан  билдик,  ошондогу   кылып жаткан  аракеттерине   анча  деле  көңүл  бурбаптырбыз.

Рахатбек 1975-жылы мединститутту    ийгиликтүү  аяктагандан  кийин,    эмгек  жолун  Токмок  шаардык   ооруканасында          врач- хирург болуп иштеп баштаган. Ал  жерде 2 жылдын   ичинде  ишине  кылган  илбериңки  мамилеси менен элге таанылып,  күн-түн   дебей  нөөмөттө болобу, ишинде болобу  эл  арасында  өзгөчө  сөзгө арзыганын угуп  жүрдүк.

        Рахат  менен  ошол  жылдары  чогуу интернатураны  бирге өткөн,  саламаттык  сактоонун ардактуу  кызматкери  Акмолдоева  Куляштын  айтуусуна караганда, ал жумушуна  берилгендиги  менен  айырмаланып, кайсыл   операция  болсо  дагы  жасоого  аракет  кыла берчу дейт. Врач интерндер кезекке  туруп   операция  жасаганга  байланыштуу,  бир жолу катуу  оору  менен   кыйналган  абалда   операцияга  муктаж  оорулуу келип калганда,  Куляштын айтымында   “сен   коё  турасыңбы”  деп  ошол татаал  операцияны  суранганын  эскерип  калат. Иштеген ишине дилгирленип,  кезеги келип  калса  түндүн   бир  оокумуна  карабай операцияга  ассистент болуп деле журө берчү дейт.  Ушундай ишине    абдан  берилгендиги  Бишкек  шаарында  иштеген  айтылуу  профессор  Какиш  Рыскуловнага  жеткенби, айтор  1977-жылы  ал  киши  өзүнүн  клиникасына  чакырып,  адегенде  травматолог,  уролог болуп  иштөөсүн  сунуштайт. Кийин  ишине кылган мамилесин  байкаган атактуу профессор Рыскулова К.Р.   1979-жылы      Бишкек шаардык №1 оорукананын  бөлүмүнүн  башчы  болуп   иштөөсүнө  кеңеш  берет. Шаардык  оорукананын  бөлүм  башчысынын  жумушу түмөн-түйшүктү  талап кылган,  таңдан кечке  чейин  иштей  турган   жумуш.

Биздин аты аталган каарманыбыз тазалыкты  бекем  сактоого, тартипти катуу кармоого көнгөн  инсан. Ошол  он  жылдын  ичинде, үйрөнгөн  адаты  менен өзүнүн жумушун так аткарып,  кол  астында  иштегендерге   талапты  катуу коюп, анын башкарган  бөлүмү  бир топ ийгиликтерге  жетишет.

Мен өзүм мындай ийгилигин угуп, кээ бир  кезде     айылдан  келген   жердештеримдин  кыйналып келип,    айыгып  кеткендерин көп  эле  көрүп  жүрдүм. “ Колу жеңил,  алтын  колдуу хирург   экен,   анын жасаган операциясынан кийин  толук сакайдым” дегендердин  саны өтө  эле арбын. Өзгөчө  биздин  элибиз мал- киндиктүү  эл  болгонуна  байланыштуу  койдон,  жан-жаныбарлардан  жуккан  эхинококкоз,  альвеококкоз  деген  мите  курттан  пайда  болчу ички  органдардын ооруларын,  өзгөчө   боорунан эхинококкоз, альвеококкоз  менен  жабыркаган  бейтаптарды  ийгиликтуу  операция жасап,  айыктырганы  Рахат үчүн кадимки көрүнүш болуп калган. 

Кийин кандидаттык, доктордук     дессертациясын  жактап, ошол  эле  шаардык №1 оорукананада жайгашкан  факультеттик  хирургиянын профессору болду.  2003-жылдан баштап   жогоруда  айтылган  кафедранын башчысы  болуп  иши алгалай  баштаган. Ушундай  бийик  ийгиликке  Рахат Арсыбековичти эмне  жеткирди деген  суроого,  биринчи  кезекте  анын  билгичтиги, эмгекчилдиги, жакшы устаттардан үлгү  алгандыгы деп айтаар  элем.

Таң  азанда  жумушка  барып  ал жердеги,  ар бир  бейтапка  жоопкер  болгон профессор  Рахатбек  Арсыбековичтин   ал  абалын  элестетип  көрүңүз.  Биз   студенттик  мезгилде  айтылуу  академик  Ахунбаев  Иса  Коноевичтин  5 мүнөттүк   таңкы  конференциясына   катышып  калаар  элек.  Алардын   ар бир   бейтаптын   операциядан  кийинки  абалын  талдаганы,  операцияга   чейинки  диагностикалык  ыкмаларынын  чечмелениши,  ушул  күнгө  чейин  көз  алдымда  тартылып  турат.

Ошондуктан,  биздин  каарманыбыздын  ийгилигинин   жаралышы   тарыхый  ченемдүүлүк  болуп, улуу адамдардын  үлгүсү  менен өзүнүн илимге болгон   умтулуусунан   келип  чыккан. Эмгегинин   акыбети  акталып,    жогоруда  айтылган   кыргыздан чыккан  биринчи профессор- хирург   Какиш Рыскуловнанын  үлгүлүү иш  тажрыйбасы  бекеринен   кеткен  жок.   

Керектүү  мезгилде  түнкү  нөөмөттөгү   операцияга  чакырып  калса,  түн  уйкусунун   бузулганына карабай,  өзүнүн жеке турмушун алдыңкы  орунга койбогон, канчалаган убакыт  болсо  дагы   операция  столунда  чаалыктым- чарчабадым  дебеген  хирургдардын  жумуштары  бир  топ  эле  түйшүктүү  болуп, ошону  менен катар ишинин  ийгилиги дагы  ошончолук  канааттанууну жаратары  анык. Мен  билгенден  Рахаттын  колунун  чеберчилиги  анын  диагностикалык  ыкмаларынын ой-чабытына  шайкеш келет.  Бейтапты  сөз  менен  алаксытпай,  тез  жардам  берүүгө  шашылып,  ультра-үн аппараты аркылуу   өз көзү менен  көрбөсө ыраазы  болбойт . Ошондой  ийгилигинин  аркасында  илимдин  жолуна  сая  түшүп,   2007-жылы Кыргыз  Республикасынын  эмгек  сиңирген  врачы  деген   наам  алган. 2010-жылдан   баштап  Рахатбек  Арсыбекович  Улуттук  Илимдер Академиясынын  мүчө-  корреспонденти болду. Рахаттын  дагы  бир  өзгөчөлүгү  иши менен  илимдин  чыйырында,  ийне  менен   кудук  казгандай,  эмгектенип  жүрөт.  Талыкпай  илим  менен   алектенип   жүрүп,  өт  жолунун  ооруларын    күңгөй-тескейин   терең  изилдеп,  көп  эле  илимий эмгек жазды.

Өзгөчө  өзү  көңүл  бурган,  Кыргызстандагы   эхинококкоз,  альвеококкоз  ооруларынын  жайылышын  алдын  алуу үчүн   алыскы  тоолуу   райондорго,  облустарга   чейин   барып, жеринде  изилдөө    ишин жүргүзүп  келет.  Рахаттын  ошондой   эмгеги   бааланып , 2008-жылы  Эл  аралык  Ата Түрк фондунун   “Алтын  колдуу   хирург”  номинациясындагы  алтын  медалын алды.  Бишкек шаарынын  ардактуу  атуулу болду. 2019-жылы “Даңк” ордени менен сыйланды.

Жаңы өсүп  келе   жаткан  медициналык  багыттагы  кесипкөйлөрдү   тарбиялоодо анын  ийгилиги  жетишээрлик. 15 медицина  илиминин  кандидатын,  5 докторун  даярдады. Анын  талыкпай  иштеген  илимий  ишинин  натыйжасы  болуп  10 монография,  135 илимий  эмгеги  жарык  көрдү. Биз  билгенден   Рахатбек  4  ойлоп  табуунун,  12  рационализатордук  сунуштардын  жаратуучусу   болуп  эсептелет.

Рахаттын  ийгилигин баалап, мен  бир  кезде  жазган  ырымдан  үзүндү  келтире  кетейин: 

       Професссор,  ашып  илим  билесиң,

       Калкыбызга  ден   соолукту  бересиң,

       Жаш  кезиңде   жаркылдаган   студент,

       Жаштар  менен  дагы  эле  иштеп  келесиң.

       Рахат  деп  мурун  билсек    атыңды,

       Эмгек   менен   даана  багың   ачылды.

       Аппак таңда  талбай  ишин   баштаган,

       Элиң    билет    Оморовдой   баатырды!… деп  бир  кезде  жазгандай,  эмгектене берсең ошонун ийгилигин көрөт экенсиң.

Ковид  оорусу  башталган  эки  жылдын   ичинде,  санаасы  санга  бөлүнгөн  профессор Оморовдун    демилгеси   аркылуу,  Коронавирус   пандемиясы   менен   күрөшүүдө   каза   тапкан   медиктерге  арнап,  мед  академиянын   алдында  эстелик   катарында  скульптура   орнотууга   аракет     жүргүзүп  келет. Рахаттын   суроосу   боюнча   ошол   эстеликке   жазыла  турган     “Светя другим,  сгораю  сам”  деген  латын тилиндеги  макалга  ылайыктап төрт сап  ыр  жазып бербейсиңби деген   өтүнүчүнөн     улам:

Адамзатка  жарык   чачып,

Өзүм өчүп  баратам.

Өтсөм  да  бул  дүйнөдөн,

Жакшылыкты  жаратам…   деп  жазганым  бар  эле.

Ошол   даалай  адамдарга   жарык   чачып  заманыбыздын  жылдызы   болгон  белгилүүү  хирург  Рахатбектин  ден – соолугу  чың   болуп,  ишинин   ийгилиги  арта  беришин    тилеп, биз Бишкек шаарындагы коллегаларынын атынан  Кыргыз  Улутттук  Илимдер  Академиясынын  академиги  болушун,   Кыргыз  Улутттук  Илимдер  Академиясынын   жамааты колдоп беришин өтүнөт элек. Татыктуу  адам   ар  дайым   өкмөт  тарабынан   кооомчулук  тарабынан  колдоого ээ  болуп  турса,   ишинин  ийгилиги  да   арта   берери  анык.

  Темирбек Бекбоев, Чыгыш медицинасы боюнча  белгилүү адис- дабагер,

Саламаттык  Сактоонун ардактуу кызматкери.

тектеш макала: Видео — Рахат Оморов, профессор, м. и. доктору: Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузууну демилге кылып, аракет кылып жатабыз: ttps://chagylgan.kg/2020/08/13/%d0%b2%d0%b8%d0%b4%d0%b5%d0%be-%d1%80%d0%b0%d1%85%d0%b0%d1%82-%d0%be%d0%bc%d0%be%d1%80%d0%be%d0%b2-%d0%bf%d1%80%d0%be%d1%84%d0%b5%d1%81%d1%81%d0%be%d1%80-%d0%bc-%d0%b8-%d0%b4%d0%be%d0%ba%d1%82/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here