Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыкканы белгилүү болду. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-июлда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта: “Анткени, Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурору жана шек саналып жаткан Исхак Пирматовдун ортосунда тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн”, — деп айтылат.

Исхак Пирматов Кумтөр долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Атайын кызмат ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койгон.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here