Жумгал районунун тургундары автожолдун абалына нааразылык билдирип, кайрадан митингге чыкты. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин-Баш-Кууганды тилкесин сала турган компания үч жылда тогуз пайыз гана ишти аткарганы үчүн келишим жокко чыгарылган.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин-Баш-Кууганды тилкеси 70 чакырымды түзөт. Бул тилке Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыяга салынууда.

2018-жылы өткөн тендерди италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы утуп, жолду 2021-жылы колдонууга бериш керек болчу. Бирок үч жылда болгону 9 % жумушту аткарган. Мындан улам кыргыз өкмөтү италиялык компания менен келишимди 2020-жылы 1-декабрда үзгөн. Андан бери сегиз ай өткөнүнө карабай жолду сала турган компания тандалып алына элек.

21-июлда нааразычылык акциясына чыккандар менен Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева жолукту. Ал Эпкин — Баш-Кууганды жолунун абалы менен таанышкандан кийин бул долбоорду көзөмөлдөгөн Жумгалдагы Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ-24) жетекчисин жумуштан алды.

Жумгалдыктар буга чейин дагы бир канча жолу нааразычылык акциясына чыккан, бир ирет жол тоскон. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов марттын аягында Жумгалга барып, эл менен жолугушкан.

“Эски машинелерге оору-сыркоолорду салып жөнөйбүз. Аларды ооруканага жеткирүү өтө опурталдуу жана кыйын. Жолдон тажап бүттүк, мындай болсо көмүрдүн жолун жабабыз. Бакиев айткандай, тезек же шыйрагыбызды жагып оокат кылабыз. Жолубузду жеди, районду “16-республика” кылып койду”, — деди өзүн Кубан деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Ээрге кыйшык отурган италиялык компания

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Эпкин-Баш-Кууганды тилкесин Азия өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Бул жолду салуу үчүн 58,4 млн. доллар кредит, 36,72 млн. доллар грант алуу боюнча келишим түзүлгөн.

2018-жылы Транспорт министрлиги 70 км Эпкин-Баш-Кууганды жолун салуу үчүн 88 млн. долларга тендер жарыялаган. Италиялык Todini Costruzioni Generali Company 40 миллион 751 миң доллар сунуштап, тендерди утуп алган.

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Тагай Алимбаев италиялык компания алган милдетенмесин өз убагында аткарбаганы үчүн келишим жокко чыгарылганын билдирди.

“Транспорт жана комуникациялар министринин орун басары Todini Costruzioni Generali Company ишканасынын өкүлүнөн пара алганы үчүн 2019-жылы соттолгон. 2020-жылы 16-ноябрда компанияга шарттарды бузганы үчүн келишимди жокко чыгаруу үчүн кат жөнөтүлгөн. Келишим бузулганга чейин аткарылган физикалык жумуштардын жалпы көлөмү 9,5 % түзгөн”.ДАГЫ КАРАҢЫЗӨкмөт жол салган ишканадан кол үздү

Эпкин-Баш-Кууганды жолун салуу боюнча тендер өткөрүү учурунда транспорт министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган. Тергөөнүн баштапкы маалыматы боюнча министрдин орун басары тендердик комиссиянын төрагасы болуп туруп, Todini Costruzioni Generali Company ишканасынын кызыкчылыгын коргош үчүн жалпысынан 520 миң доллар пара сураганы кабарланган. Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга кескен.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков башынан коррупциялык ишке аралашкан, Кыргызстанда бир техникасы жок компанияга жол салууну тапшырган жетекчилер жоопкерчиликке тартылыш керек деп эсептейт.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Эпкин-Баш-Кууганды жолу боюнча Транспорт министрлигинин ишти көзөмөлдөгөн жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек. Транспорт министринин орун басары бул компаниядан чоң пара алып кармалган. Буга карабастан италиялык компанияга берип койгон. Мен билгенден бир дагы техникасы дагы жок болчу. Иштин барын аткарууга эки компанияга берген. Ал эки компанияга жергиликтүү ДЭУларга берген. Акча бир колдон экинчи колго өтүп, жол бүтпөй калып, келишимден чыгышты. Бирок запкысын эл, мамлекет көрдү. Акча насыяга алынган. Үч жылда үстөк үчүн канча акча төлөйбүз? Мамлекетке келтирген зыян деп жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек болчу”.

Жаңы тендер, элдин талабы

Өткөн жылы 1-декабрда италиялык компания менен келишим жокко чыгарылган соң сегиз айдан кийин 7-июлда тендер өттү. Тендерге беш компания катышкан.

Транспорт жана комуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаевдин айтуусунда министрлик эки компанияны тандап алып, Азия өнүктүрүү банкына сунуштаган. Бирок Азия өнүктүрүү банкы дагы бир компанияны кошкон. Учурда үч компаниянын финансылык сунушу каралууда.

Транспорт жана комуникациялар министрлиги Азия өнүктүрүү банкы сунуштаган компанияга каршы экенин билдирип кат жолдогону белгилүү болду. Министрлик компаниялардын аты жана сурап жаткан акчанын көлөмү азырынча айтылбай турганын билдирди.

Өздүк булактардын маалыматына караганда Азия өнүктүрүү банкы Бишкек-Кара-Балта жолун салып жаткан China Railway компаниясын кошкон. Бул компания 39 млн. доллар сунуштаган.

Ал эми Транспорт жана комуникациялар министрлиги жарыялаган тендерден өткөн компаниянын бири Бишкек-Нарын-Торугарт сыяктуу кан жолдорду салып жүргөн China Road And Bridge Corporation экени белгилүү болду. Ал 44 млн. доллар сураган.

Тендерден өткөн экинчи компания дагы кытайлык. Кыргызстанда иштеп көрө элек ал компания 56 млн. доллар көрсөткөн.

Нааразычылык акциясына чыккан Жумгал районун тургундары министр менен жолугушууда жол салууну кытайлык China Road And Bridge Corporation компаниясына берүүнү талап кылышты.

“Эки компания өттү деп жатасыңар. Бирөө Бишкек-Кара-Балта жолун жасап жаткан компания экен. Ал компания Арал-Өрнөк жолу жасап жатып Көкөмерен суусу киргенде качып кеткен. Алар келип иштегенче эки жыл өтөт, ага чейин силер дагы кетесиңер, Жапаров дагы кетиши мүмкүн. Антип убакытты созбой «Чайна Роудга» өткөрүп бергиле. Алар көчүп келген, асфальт заводу курулган. Бөлүп-бөлбөй 120 км барын бергиле”, — деди Калыбек жергиликтүү тургун.

Министрге жол көйгөйүн айтууга келген Жумгалдын дагы бир тургуну мындай деп сөзгө кошулду.

“Үч жылда болгону 3-9 % жумуш бүтүптүр. Бул уят да. Министрлик каякты карап отурду? Консультанттар айлык алып жатты, эмне иш аткарды? Өкмөт эмне кылып жүрдү? Мына эл талап кылабыз, кимиңер болсун, эмне болсун, «Чайна-Роудга» бергиле. Анын 5 миллион доллар айырмасы бар экен, бирок жолдун сапаттуу болоруна ишенебиз”.

Транспорт жана комуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Азия өнүктүрүү банкы кошкон компанияга министрлик дагы каршы экенин, банк тарабынан кат жолдонгонун билдирди.

«Азыр финансылык сунушун карап жатабыз. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды билесиздер, ким эң төмөнкү сунушту берсе карашыбыз керек. Ушундан улам такалып калдык. Финансы министрлиги менен биргеликте Азия өнүктүрүү банкы сунуштаган компанияга каршыбыз деп жаздык. Азыр жооп күтүп жатабыз. Жооп келсе эле келишим түзөбүз, ишти баштайбыз».

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу

Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. Жол салуу 2015-жылы башталган, жалпы наркы башында 850 миллион доллар деп бааланып, 2018-жылы биринчи фазасы колдонууга берилиш керек болчу. Бирок учурдагы баасы 937,5 млн долларга жетти, жол качан бүтөрү белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Аманкул Токтомамбетов жол жакынкы беш жылда дагы бүтпөй калышы мүмкүн дейт.

«Бул жол дагы беш жылда бүтөрү арсар. Биринчи фазасы 2018-жылы бүтүш керек болчу. Жакында комиссия дагы отуруп тактайбыз. Казарман-Жалал-Абад багытында эч нерсе баштала элек жерлер бар. Туннелдин 1 км ашыгы бүтө элек. Ал качан бүтөт белгисиз. Эң негизгиси миллиардга жакын акчаны төлөчү мезгил келди. Жолду пайдаланбай эле төлөп баштайбыз».

Аманкул Токтомамбетов
Аманкул Токтомамбетов

Казарман — Жалал-Абад

Альтернативдүү жолдун биринчи фазасы болгон Казарман-Жалал-Абад тилкесинде Кыргызстандагы эң узун 3,8 км туннель салынып жатат. Туннель план боюнча 2018-жылы бүтмөк, бирок казуу иши пландалгандан татаал болгондуктан 30 айга узартылган. 2021-жылы дагы 18 айга узартылды.

Транспорт жана комуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаев «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда туннелдин оозуна эки галерея, үч эстакадалык көпүрө куруш керек болуп жатканын билдирди. Ага 21 млн. доллар кетиши мүмкүн.

Ошондой эле жол кесип өткөн айыл тургундарынын каршылыгынан улам Жалал-Абад шаарын айланып өтүүчү жол дагы салыныш керек. Ага 25 млн. доллар керектелет.

Транспорт жана комуникациялар министрлиги бул тилкенин 75 % бүткөнүн билдирди.

Казарман-Арал

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун экинчи фазасы 96 км узундуктагы Казарман-Арал тилкеси. Бул тилкеде 1472 метрлик эки эстакадалык көпүрө салынууда. Транспорт жана комуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча 90% жумуш аткарылып бүттү. Ушул жылдын октябрь айында ишке берилет.

Арал-Кочкор

«Түндүк-Түштүк кан жолунун үчүнчү фазасы Баш-Кууганды-Кызыл-Жылдыз — 24 км, Эпкин-Баш-Кууганды — 70, Кочкор-Эпкин — 68 км (Балыкчы-Бишкек-Нарын жолунун кесилишине чейин дагы бар).

Транспорт жана комуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык Баш-Кууганды-Кызыл-жылдыз жолун салуу 2020-жылы пандемияда жергиликтүү элдин Кытай жарандарынын келишине каршылыгынан улам токтотулган. Быйыл 10 км асфальт басылат.

Кочкор-Эпкин тилкеси 2023-жылы курулуп бүтөт. Учурда тендерди уткан компания тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы менен Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү фонду. Эксим банкынын үстөгү 2 %, Азия өнүктүрүү банкыныкы 1,5 %.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here