Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун карап жатат. Анда документ тууралуу юстиция министри Асел Чыныбаева баяндама жасады.

“Мыйзам долбоору тогуз бөлүмдөн, 36 беренеден турат. Конституциянын 89-беренесинде аткаруу бийлигин президент жүргүзөт деп жазылган. Анын ичинде Министрлер кабинетинин түзүмүн, курамын аныктайт. Ушундан улам мыйзам долбоордо Министрлер кабинетинин курамын дайындоонун жаңы тартиби каралган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөсүн кылмыш жообуна тартуу президенттин макулдугу менен гана ишке ашат”.

Талкууда бир катар депутаттар документ чийки экенин айтып сынга алышты. Айрым беренелердин негизинде парламенттин ролу төмөндөгөнүн айыпташты. Депутат Абдубахап Нурбаевдин документти күн тартибинен алып салып, кийинкиге калтыруу сунушу добуштан өтпөй калды.

Депутат Каныбек Иманалиев жаңы мыйам долбоорунда парламентаризм чектелип жатканы тууралуу айтты.

«Бүгүнкү мыйзам долбоорлору мамлекеттик түзүлүшкө түздөн-түз таасири бар мыйзам долбоорлору. Азыр ар кыл маселелерде 95% баарыңыздар өкмөткө тапшырма бересиздер. Бүгүнкү мыйзамды кабыл алсаңыздар, өкмөт аны таптакыр аткарбайт. Ошого мыйзамдуу жол ачып беребиз», — деди К.Иманалиев.

Депутат Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамдын укуктук статусу тууралуу айтылган 3-берене тууралуу айтты. Анда Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн президент көзөмөлдөй турганы айтылган.

«Жогорку Кеңеш деген сөз жок. Ушуну кабыл алсаңыздар, мындан кийин «разный» маселеде сүйлөп кереги жок. Бул мамлекеттик түзүлүштү алсырата турган… Президент дайындаган өкмөт президентке гана отчет берет экен. Акыркы 30 жылда андай болгон эмес. Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анда парлементтин кереги жок. Эгерде ушул бойдон кала турган болсо, аны талкуулап да кереги жок. Бул түздөн-түз парламентаризмди талкуулай турган статья. Муну ким даярдап келди, суроолорум бар.

Ошондон баштайлы. Эгерде ушуну колдоп берсеңер талкуулайлы, колдоп бербесек анда парламентаризм жөнүндө сөз кылуунун кереги жок», — деди депутат.

Кыргызстанда май айында өкмөт президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинети болуп түзүлгөн. Анын алдында өлкөнүн баш мыйзамы өзгөрүп, президенттик башкарууга кайткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here