Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. Маалыматта: маркум келиндин сөөгү мүрзөсүнөн казылып, эксгумация болгон келиндин ишин күйөөсүнүн арызынын негизинде тергөө жүрөт. Окуя Ош шаарында 8-июлдан 9-июлга карган түнү саат 1:30 чамасында болгон. Маалыматта: «8-июлдан 9-июлга карган түнү саат 1:30 чамасында Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну (келин) өзүнүн үйүндө асынып алган абалда табылган. Аны өзүнүн кызы көрүп калган. Ошол жерден кызы туугандарын чакырып, окуя боюнча кабарлайт. Жакындары келип, милицияга кабар берип, асынган жеринен чечишкен. Келиндин туугандары 9-июлда эртең менен келип, «биздин дообуз жок, сөөктү бергиле, көмөбүз» деп алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок милиция мыйзамдуу өкүлү келсин деп сөөгүн бербейт. Күйөөсү кеч келип, аялынын сөөгүн төркүнүнө алып кетишет. Аялды соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Бирок күйөөсү кайрадан 12-июлда милицияга келип арыз жазган. Арызда «Үйдө ири суммадагы акчам бар эле. Ошол акчадан эч нерсе калбаптыр. Ошол акчаны бирөө коркутуп алып, акчаларды ордуна кое албай, коркконунан асынып алышы мүмкүн. Бирөө коркутуп, токмоктоп алып кетиши мүмкүн. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткириши мүмкүн» деп жазган. Аялынын сөөгүн казып чыгып, эксгумация кылганга арыз берген. 14-июлда келинди мүрзөсүнөн кайра казып алып, эксгумация жасалды. Бүгүнкү күндө экспертиза бизге эксгумациянын жыйынтыгын бере элек. Бүгүнкү күндө күйөөсүнүн жазган арызынын негизинде Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иш козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Каза болгон келиндин 3 баласы болгон. Биринчи турмушунан экөө, азыркы жолдошунан бирөө», — деп айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here