Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды, деп билдирди бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

Шектүү А.Э. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөөчүлөр аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоону улантып жатат.

АКИpress агенттигине булактары Эрнист Апилов кармалганын билдиришти. Ал 2015-жылы январь айында Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматына дайындалган. 2019-жылы ноябрь айында өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Өткөн аптада ушундай эле айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камалган.

Бишкек милициясы анын алдында 2016-жылы Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилгенин билдирген. Бул фактыдан улам Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилерин билдирген. Паспорт текшерүү жараянына «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуя негиз болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here