Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов тергөө менен кызматташууга макул болду, деп билдирди бүгүн, 16-июлда УКМКнын басма сөз кызматы. Суракматов 26-майда айрым курулуш компанияларына элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин берүүдө коррупцияга барган жана мыйзамсыз байыган деген шек менен кармалган. Соттун чечими менен УКМКнын абагына камакка алынган.

Кечээ, 15-июлда Биринчи май райондук соту Суракматовдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Тактап айтканда, тергөө аяктаганча эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыгарды. Ошондой эле тергөө учурунда Суракматов Бишкектеги жер тилкелерин мыйзамсыз берүү факттары боюнча маалымат берди. Ал мамлекетке келтирген 170 млн сом зыяндын ичинен 150 млн сомун төлөп берди.

«Калган сумма түзүлгөн графикке жараша төлөнүп берилет», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here