Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырды. Ал мындай чакырыкты 15-июлда муфтияттын кызматкерлери менен бирге коронавируска каршы вакцина алган соң жасады. Ракиев ислам дининде да илимдин жетишкендиктерин колдонуу айтылганын белгиледи:

“Ислам көз карашында ушундай оорулар пайда болуп, жайылып, адамзат айласын таппай жаткан учурда медицина илиминин акыркы чечимине таянып туруп, иш кылат. Азыркы тапта коронавирустан арылуунун бирден-бир жолу вакцина сайдыруу экенин дүйнөлүк медицина жарыялап жатат”-деди муфтий

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарган эле.

15-июлга карата Кыргызстанда илдеттен 2 143​ киши көз жумду. Ал эми вирус 144 958адамга жугуп, 121 760 бейтап айыкты. Өлкө боюнча 130 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here