Москва шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташты, деп билдирди бүгүн, 13-июлда «РЕН ТВ» телеканалы.

Буга чейин 11-июлда Химки шаарында Кыргызстандын 2 жараны бычактын мизинен жаракат алышкан. Алардын шериктери өч алууну көздөп, кол салгандарды кечки саат жетиге Москва шаарынын Кузьминка району тарапка чакырышкан. Бирок ал учурда эч нерсе болгон эмес.

https://www.instagram.com/p/CRQZnt_nI8u/

Болжол менен түнкү саат он экиде «Кузьминка» станциясынын жанында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Мушташка болжол менен 180 адам катышкан.

Полиция 94 кишини кармады, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

«Эки адам жабыркаган, алар ооруканага жеткирилди», — деп билдирди «РЕН ТВ» телеканалы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here