УКМКнын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 10-июлда акча таратып жаткан жеринен «Эмгек» партиясынн өкүлү К.Э.А. кармалды. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочулардын добушун сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

«Тергөөдө такталган маалымат боюнча, К.Э.А. «Эмгек» партиясындагы талапкер Р.у.Т. берген көрсөтмө менен 2-муниципалдык территориалдык аймактагы жашоочуларга ар бир добуш үчүн 1000 сомдон акча таратып жаткан», — деп айтылат маалыматта.

К.Э.А. текшерүүгө алынганда жанынан таратуу үчүн даярдалган 10 миң сом жана акча алганы туралуу белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган. УКМК тергөө иштерин улантат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here