Маданияттын өнүгүшүнө «Дордой» ассоциациясынын кошкон салымы

Маданият жеке адамдын жана коомдун жашоосунда маанилүү ролду ойнойт, адамдарды бириктирип, бири-бирине жакындатып, коомдун бүтүндүгүн камсыз кылат. Дордой ассоциациясы жана анын субъектилери социалдык багыттагы иш чараларында маданиятты өнүктүрүүгө да ар дайым көмөктөшүп турушат, атап айтканда:

  1. Маданий объектилерди жана уюмдарды өнүктүрүү.
  • Ички Тянь-Шандын археологиялык мурасы болгон байыркы эстеликти сактоо максатында 2004-жылы «Дордой» ассоциациясы «Кошой-Коргон» тарыхый-маданий комплексин түзүү долбоорун баштаган, долбоордун алкагында «Кошой-Коргон» музейи ачылган. 2010-жылы болсо Кошой-Коргон музейинде көркөм сүрөт искусствосунун галереясы ачылып, ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн сүрөттөрү коюлган. Аталган музейди куруу жана экспонаттар менен жабдууга 6 миллион сом сарпталган, бул болсо ошол учурда 100 миң АКШ долларына барабар болгон.
  • 2001-жылы, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Нарын шаарында «AS» сүрөт галереясы ачылган, галереянын имараты көргөзмө залдары ыңгайлуу жайгашкандай кылынып курулган. Бул жерде жергиликтүү жана борбордун сүрөтчүлөрүнүн, АКШ, Франция жана Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин эмгектери коюлган. Кең залдарда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин белгилүү чеберлеринин көркөм сүрөт, скульптура, графика жана прикладдык искусство көргөзмөсүнүн жалпы саны 600дөн ашуун экспонатты түзөт. Галереяны куруу, көркөм полотнолор жана экспонаттар менен жабдуу үчүн 80 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.
  • Нукура кыргыз маданиятын сактап калуу жана масштабдуу маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн Дордой ассоциациясы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Борбор Азияда теңдеши жок уникалдуу DORDOI NOMAD амфитеатрын курган. Бул объект 3 айдын ичинде курулуп, 2018-жылдын сентябрь айында «Дордой Номад» амфитеатрында III-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын «Көчмөндөр Ааламы Этнофестивалынын» ачылышы болуп өткөн. Бир нече күн бою бул жерде артисттердин театрлаштырылган оюн-зооктору өткөрүлүп, көрүүчүлөргө көчмөн цивилизациясынын пайда болушу жана анын даназалуу тарыхый учурлары көрсөтүлгөн. Шотландиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Россиядан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн келген фестивалдын катышуучулары көрүүчүлөрдүн алдында өз өнөрлөрүн тартуулашып, модельерлер болсо көчмөндөрдүн стилиндеги өз коллекцияларын тааныштырган мода көрсөтүшкөн. Амфитеатрдын курулушуна болжол менен 50 миллион сом бөлүнгөн.
  • Туризмди жайылтууга багытталган «MAKS Tour» эко тур агентствосунун демилгеси колдоого алынган. Кыргызстандын 3D долбоору — бул каалаган адам виртуалдык реалдуулук форматында өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына тур кыла ала турган аянтча. Аталган виртуалдык аянтчага өлкөбүздүн маданий жана туристтик жайларын кошуу иштерин жүргүзүү үчүн демөөрчүлүк жардам кылынып, туристтик жайлардын 360 форматындагы 3D турлары даярдалган. Бөлүнгөн каражаттын көлөмү 500 миң сомду түздү.
  • «Аssоl» фондунун кайрылуусунун негизинде «Дордой» Ассоциациясы Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө көмөктөшкөн. Көрсөтүлгөн жардамдын суммасы 300 миң сом.
  • М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын имаратын оңдоп-түзөөгө жана театрдын аймагын көрктөндүрүүгө каржылык жардам көрсөтүлгөн. Каржылык жардамдын көлөмү 30 миң $ түзгөн.
  • Ат-Башы айылындагы аймактык китепкананы оңдоо жана реконструкциялоо үчүн каржылык жардам көрсөтүлгөн. 2009-жылдагы бөлүнгөн каражаттын көлөмү 500 миң сомду түзгөн.
  • Кинотеатрларды жана ата мекендик кинематографияны колдоо.
  • Бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири болуп борбор калаадагы ата мекендик кинотеатрлардын жанданышы болду, учурда бул заманбап кинотеатрлар «Синематика» кинотеатрлар тутумуна айланып, ийгиликтүү иш алып барууда. Борбор калаабыздын тургундары жана коноктору бош убакыттарын маданий иш чараларда өткөрүшүн камсыз кылуу максатында 2005-жылдан ушул убакка чейин Октябрь, Ала-Тоо, Вефа, Космопарк, Бишкек Парк Кинотеатры жана Дордой Плаза сыяктуу 6 кинотеатр ачылган. Жалпы инвестиция 100 миллион сомду түздү.
  • «Ноктюрн» көркөм тасмасын тартуу үчүн тасманын автору жана режиссеру Геннадий Базаровго жардам көрсөтүлгөн. Берилген жардамдын көлөмү 400 миң сом.
  • «Атанын керези» тасмасын чет мамлекеттерде жайылтуу максатында  режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулуна демөөрчүлүк жардам көрсөтүлгөн.  Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 150 миң сомду түзгөн
  • Режиссер Бакыт Карагуловго «Буранный полустанок» тасмасын жаратууга демөөрчүлүк жардам көрсөтүлгөн. Көрсөтүлгөн жардамдын суммасы 5 тыс.$ .
  • Жаш таланттарды колдоо.
  • 2002-жылдан бери «Дордой» Ассоциациясы «Бал Таттуу» коомдук бирикмеси аркылуу жаш таланттарга колдоо көрсөтүп келет. 20 жылдан бери мектеп окуучулары арасында фестивалдар, облустук «Жаш таланттар» сынактары жана «Мен жылдызмын» республикалык сынактары жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул сынактардын жеңүүчүлөрү «Дордой» ассоциациясы тарабынан Австралия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөргө эл аралык чыгармачыл сынактарга катышууга жолдомо алышкан. Бул мелдештерге бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашкан. 
  • Кыргызстандын опера багытындагы жанып келе жаткан жылдызы Данияр Долотбаковго колдоо көрсөтүлүп, ага Италиянын Миландагы опера ырдоо мектебинде билим алуу үчүн 3,1 миллион сом бөлүнгөн. «Дордой» ассоциациясы учак билети, жатакана, тамактануу, итальян тилин үйрөнүү жана опера ырдоо мектебинде окуу менен байланышкан чыгымдардын бардыгын толугу менен өз мойнуна алган.
  • Классикалык опера ырынын жылдызы, К.Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваториянын ассистент-стажеру Улан Асамудиновго да каржылык жардам көрсөтүлүп, жаш жылдыз Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрында окуп келген.  Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 280 000 сомду түзгөн.
  • Муратаала Күрөңкеев атындагы музыкалык колледжинин студенти Нур Чолпонго эл аралык «Youthvision» музыкалык конкурсуна (Баку шаары) катышууга акчалай жардам көрсөтүлүп, ал экинчи орунду ээлеген. Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 25000 сом.
  • М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Музыкалык Колледжинин хореографиялык хоруна Казакстан Республикасына тур уюштуруу үчүн каржылык жардам көрсөтүлгөн. Бөлүнгөн каражаттын көлөмү 180 миң сомду түзгөн.
  • П.Ф. Шубин атындагы музыкалык мектебине эл аралык музыкалык конкурс уюштуруу үчүн каржылык жардам көрсөтүлгөн. Бөлүнгөн каражаттын суммасы 100 миң сом.

 Чыгармачыл жамааттарды жана маданият кызматкерлерин колдоо.

  • Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин 75 жылдыгына арналган «Эл Достугу» спектаклин даярдоого колдоо көрсөтүлгөн. Берилген жардамдын суммасы 300 000 сом.
  • Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматованын жетекчилиги астында «Тунгуч» театрынын спектакли көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө жашоонун терең философиялык маселелерин баяндаган укмуштуудай акция тартууланган. Ошондой эле, уникалдуу «Биримдик» спектаклинин демонстрациясы уюштурулуп, «Тунгуч» театрынын чыгармачыл тобу көрүүчүлөргө театр искусствосунун жаңы форматын тартуулашкан. Мындан тышкары, Жамал Сейдакматованын мааракелик иш-чараларын өткөрүүгө 150 миң сом жардам көрсөтүлгөн.
  • Assol Фонду менен биргеликте Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин жардамы менен опера ырчысы Алмаз Истамбаевдин «Благодарю» аттуу концерти уюштурулган, аталган иш-чарага 314 100 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
  • АКШнын Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларына «Соленые орешки» ата-мекендик джаз тобунун сапарын уюштуруу жана расмий концерттерин өткөрүү үчүн К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын руханий жана урма аспаптар бөлүмүнүн башчысы, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Бакыт Кыдыкбаевке «Дордой» ассоциациясы тарабынан демөөрчүлүк жардам көрсөтүлгөн.  Жардамдын жалпы баасы 104 000 сом болгон.
  • 2015 жана 2018-жылдары республикалык «Кыргыз тили» коомунун адабий-музыкалык кечелери колдоого алынган. Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 70 000 сомду түздү.
  • Залкар инсандардын атын түбөлүктөштүрүү.
  • 2015-жылдан бери залкар жана кайталангыс талант, КРнын эл артисти, Болот Миңжылкыевдин элесине арналган концерттер жыл сайын уюштурулуп келет. Бир концертти уюштуруу үчүн 70 миң сом бөлүнөт.
  • Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Космопарк» оюн-зоок жана соода борборунда «Тоолор кулаганда» романынын негизинде «Учур» театры тарабынан даярдалган «Жаабарс» спектакли коюлган. Ошондой эле «Дордой» Ассоциациясы «ТЮРКСОЙ» түрк маданияты эл аралык уюму тарабынан Түркияда уюштурулган  фестивалга катышуу үчүн «Учур» театрынын чыгармачылык тобунун авиабилеттерин толук каржылап берген.
  • Улуу жазуучу Ч.Айтматов тууралуу маалыматты белгилүү «Жизнь замечательных людей» өмүр баяндардын сериясын чагылдырган китепке басып чыгарууга көмөк кылынган. Китеп коомдук ишмер, окумуштуу жана жазуучу Османакун Ибраимовдун демилгеси менен басылып чыккан. Жалпы жардамдын суммасы 350 000 сомду түзгөн.
  • Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү тасма тартылган (режиссеру Эрнест Абдыжапаров). 4 мамлекеттин мамлекеттин архивинен Жусуп Абдрахмановдун жеке жашоосу, саясий карьерасы жана жашаган мезгилине байланыштуу уникалдуу маалыматтар жана материалдар топтолгон. Тасмада тарыхый маалыматтар жана сценарийлерге таянуу менен, миллиондогон адамдардын Жусуп Абдрахманов сыяктуу чыгаан инсандарга тагдыры көз каранды болгон ошол мезгилдин манызы чагылдырылган.    
  • Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин мааракесине карата Ассоциациянын каржылык колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев» аттуу даректүү тасмасы тартылып, алты метрлик эстелик жасалган. Эстелик Нарын шаарында өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачылган. Документалдуу фильмди жаратууга жана эстеликти жасоого 2 миллион сом бөлүнгөн.
  • Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Уфа жана Оренбург сыяктуу шаарларын кыдырып, 1916-жылдагы репрессиялар жана көтөрүлүштөр жөнүндө архивдик материалдарды жана маалыматтарды калыбына келтирүү жана чогултуу үчүн Жумагул Байдилдеевге каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Бул архивдик материалдар баалуу жана кыргыз эли, тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бөлүнгөн каражат 120 000 сомду түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here