Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү, 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында Тажикстандын чек арачылары бир кыргыз аскерин кармап, өз аймагына алып кетишкенин маалымдады.

“Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан жаңжал учурунда кармалган жоокерди кайтарып берүүнү талап кылууда”, — деп айтылат билдирүүдө. Учурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү окуя болгон жерде жаңжалды иликтөөдө. Сүйлөшүү жүрүп жатат.

Буга чейин Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун билдирген. “Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө”.

Тажикстандын улуттук «Ховар» маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер болгонун маалымдады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here