Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында 8-июлдагы ок атышууда Кыргызстандын бир аскер кызматкери каза болду. “Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуудан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат”, — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын чек ара кызматы эки тараптан тең каза таап, жараат алгандар барын кабарлады. Дүйшөмбү бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Чек арадагы атышуу тууралуу кабарды алгач Тажикстандын улуттук «Ховар» агенттиги жазып чыккан. Андагы маалыматта «8-июль күнү саат 14:55 чамасында кыргыз-тажик чек арасынын Согд облусунун Деваштич районундагы бөлүгүндө дагы ок атылды» деп жазылган. Агенттик кыргызстандык төрт чек арачы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип кабарлады. «Деваштич районунун тургундарына таандык тогуз жылкыны Кыргызстанга айдап кетүүнү көздөшкөн. Тажикстандык чек арачылардын чек ара бузулганы тууралуу эскертүүсүнө кыргыз чек арачылары автоматтан ок атышкан. Тажик чек арачыларынын жооп иретиндеги огунан эки адам жараат алды», — деп жазылган билдирүүдө.

Кийинчерээк Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы окуя тууралуу маалымат таратып, ок атышууга тажик чек арачылары себепкер экенин билдирди.
«Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат».

Учурда окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери жүрөт. Алар тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы эки өлкөнүн чек арачыларынын куралдуу жаңжалын териштирүүнү улантары кабарланды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери окуяны талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин билдирген. «Лейлек районунун Көк-Жайлоо тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары нөөмөттө жүрүп, тажикстандык чек арачыларга бет келген учурда ортодо уруш чыккан. Натыйжада эки тараптан тең ок атылган. Бул окуя боюнча Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода менен сүйлөштүк», — деди Алимбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Эки өлкө жарандарынын ортосундагы пикир келишпестиктер дал ушул тилкелерден улам чыгары айтылып келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here