Хижаб темасы коңшу өлкөлөрдө көптөгөн жылдардан бери түрдүү талкууларды жаратып келет.

Өзбекстанда хижаб кийүүгө уруксат берилди

Үстүбүздөгү жылдын 5-майында Өзбекстан парламентинин Төмөнкү Палатасы «Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги тууралуу» жаңы мыйзам кабыл алган. Эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйшөмбүдө бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамдын жаңы редакциясында коомдук жайларда диний кийимдерди кийип жүрүүгө салынган тыюу алынган. Документте «диний кийим» түшүнүгүнүн укуктук аныктамасы жок. Бул тема Өзбекстанда көптөгөн жылдардан бери түрдүү талкууларды жаратып келген.

Жаңы мыйзамга ылайык, диний уюмдарды каттоо жана алардын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиптери да жөнөкөйлөштүрүлөт. Жергиликтүү диний уюмдарды түзүү боюнча демилгечи боло турган адамдардын саны азайтылат. Эми жергиликтүү диний уюм түзүүдө 18 жашка толгон 50дөн кем эмес жарандын колу жетиштүү болот.

Мындан тышкары диний уюмдун борбордук башкаруу органын жана окуу жайларын ачуу үчүн 100 демилгечи болушу керек деген талап жоюлду. Ошол эле маалда диний уюм түзүүдө буга чейинкидей маале тургундарынын жыйынын өткөрүп, алардын макулдугун алуу зарылдыгы да жокко чыгарылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here