Кыргыз музыкалык маданияты оор жоготууга учурады. КР эл артисти, журналист, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциплопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радио-теле журналист Балбай Алагушов дүйнө салды. Ардактуу 85 жаштын аралыгында 60 ка жакын ар тараптуу жанрдагы монографияларды, очерктерди, сүрөттмөлөрдү, окуу китептерин, сөздүктөрдү ж.б. жазып, басмалардан чыгарды. Көрүнүктүү этнограф катары оозеки салттык аспаптык музыка түрмөгүнөн “Комуз күүлөрүнүн антологиясы”, “Кыргыздын музыкалык аспаптарынын антологиясы” деген атта эки томдукту CDи альбому менен басмадан чыгарган. Балбай агай жыйноочулук, түзүүчүлүк менен да эмгектенип келет. Биз билгенден “Ала-Тоо таңшыйт” аттуу обондуу ырлардын, макалалардын 20 ашык жыйнактарын түзүүчүсү болгон. Алсак, “Кыргыздын обондору”, А. Огонбаевдин “Атай”, Ж. Шералиеавдин “ Ырдап кой”, М. Баетовдун “Арпанын Ала-Тоосунан”, Р. Абдыкалыковдун “Жолугарым билгемин” аттуу жыйнактарын басмалардан чыгарды. 1983-жылы жаш муундарды эстетикалык тарбиялоодо жана музыка таанууга, жалпыга билим берүүчү мектептердин окуучуларына арналган “6-7-класстардын “Музыка” аттуу окуу китептери, “Күүдөн симфонияга карай” деген китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреатына татыктуу болгон. Балбай агай өмүрү менен чыгармачылыгына арналган “Өмүрүмдүн барактарынын” эки томдугун, «Элестери эсимде», “Энциклопедист”, “Шайырлардын тагдырынан” аттуу 5 томдугун чыгарып, коомчулукка жетти. 2011-жылы ага КРнын Эл артисти наамы ыйгарылган. 2014-жылы Балбай агайдын жердештери, эли эмгегин жогору баалашып “Ак-Сай” айылындагы эки кабаттуу 420 орундуу Маданият үйүнө ысымын беришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here