Зинагүл  Бийбосунова медицина тармагында 30 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан кыргыз элинин мекенчил  айымдарынын бири. Биз каарманыбыз менен Саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр  жана короновирус илдети тууралуу учкай маектештик…

— 30 жылдан бери Саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип, бул тармакта абдан жакшы билет экенсиз. Бул багыт боюнча кандай  көйгөйлөрдү баса белгилеп айтасыз?

-Саламаттык сактоо тармагында чынында көйгөйлөр абдан көп. Биринчиден көпчүлүк: “борбор шаар эмеспи, чоң ооруканалар, поликлиникалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыгерлер көп, баары жетиштүү”- деп ойлошот. Бирок “ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей Бишкекте ооруканалар дагы, дарыгерлер дагы жетишпейт. Мисалы, союз учурунда борбор шаарыбызда 19 ЦСМ бар эле, ошол бойдон саны көбөйгөн жок. Акыркы 30 жылда Бишкектин четине канча деген жаңы конуштар пайда болду. Ошого жараша элдин саны да кыйла өстү. Жаңы конуштарга жок дегенде бирден ГСВ  (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) ачыш керек. Көк-Жар конушуна, Тунгуч кичи районуна бирден чоң поликлиника куруу зарыл.. Бишкектин ооруканаларында акыркы үлгүдөгү меджабдыктар жетишпейт. Мамлекеттин ооруканаларына салыштырмалуу жеке менчик ооруканалар өнүгүп жатат. Себеби, ал ооруканалар элди абдан кымбат дарылашат. Бирок андай ооруканаларга байлар  эле дарыланбаса, карапайым калктын басымдуу бөлүгү мамлекеттин ооруканаларына келүүгө муктаж. Абалыбыз болсо ушундай. Мыкты дарыгерлерибиздин көбү чет мамлекеттерге иштеп кетип жатышат. Бул маселе айлык-маянага түздөн -түз тиешелүү. Окууну жаңы бүтүп келип, иштеп баштаган медкызматкердин  айлыгы 6 миң сом. Бул акчаны айлыктан айлыкка жеткирип жашоого болобу? Кымбатчылык болсо күндөн-күнгө мойнубуздан басып жатат.

   Саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн башатында, өзгөчө Бишкек шаарында:  дарыгерлердин айлыгын көтөрүү, ооруканаларды салуу, жаңы конуштарга жок дегенде бирден, экиден ГСВларды уюштууру маселелери турат. Дагы баса белгилеп айтарым, 30 жылдан бери медицина кызматкерлерине  бир да турак-жай курула элек. Биздин программабызда турак-жай көйгөйү боюнча да жакшы жазылган.  Мына ушул багыттар боюнча талапка ылайык иштерди аткарып, анан калган өнүгүүнү улап кетсек жакшы болмок.

-Сиз медайым болгон соң, акыркы күндөрү кайрадан күчөп жаткан корновирус илдети тууралуу учкай кеп кылалы. Пандемия башталгандан бери бул илдетти жеңүүгө өз салымыңызды кошуп жатасыз. Элибизге, өзгөчө шаардыктарга кандай кеңеш бересиз?

-Пандемияда  күн-түндөп “кызыл зонада” дагы, мобилдик топто дагы иштедик. Бул атың өчкүр илдет жаңы башталганда элибиз жакшы сактанган. Андан кийин кайдыгер карашып, мурункудай  сактанбай калышты. Той-топурлар, ар кандай иш-чаралар байма- бай өтүп жатат. Маска тагынып, аралыкты сактаган киши жок. Адис катары элге вакцина алууга кеңеш берет элем. Мен өзүм дагы алдым. Вакцина тууралуу чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды таратып жатышат. Ал такыр туура эмес. Элибиздин 80-90 пайызы вакцина алмайынча бул оорунун азайышы кыйын. Ооруп айыккан кишилер: “менин антителом” бар дешет. “Антитело” дегенибиз 8 айга гана жетет. Анан кайрадан ооруп калуу коркунучу бар.  Өзгөчө 60 жаштан ашып калган адамдар биринчи кезекте вакцина алышы керек. Ар бир адам өзүнө жоопкерчилик алып, ден-соолугуна кайдыгер карабашы зарыл.  Дагырлерлердин кеңешине кулак салып, айтканын аткарышса өзүн эле эмес, жалпы улуттун саламаттыгынын чың болушуна чоң салым кошкон болот эле.

Соңку суроо болсун. Угушубузга караганда сиз  Бишкек шаардык  кеңешине талапкер катары катышып жаткан экенсиз. Талапкер болуп чыгууга эмнелер себепкер болду?

— Эң биринчи себеп- бул борбор шаарыбздагы чечилбеген толгон-токой көйгөйлөр. Ошол көйгөйлөрдү билимиме, тажрыйбама таянып чечүүгө өз салымымымды кошкум келет. Бул үчүн мен “Туран” партиясын тандап алдым.   Маселен коомчулукка белгилүү болгон: жол, суу тартыштыгы, бала-бакча, мектеп, ооруканалардагы көйгөйлөр… Айтор, санай берсек көп. Мен өзүм 30 жылдан бери шаардын тургунумун. Көк-Жар жаңы конушунда жашайбыз. Башкасын айтпай эле, өзүбүздүн  конуштагы көйгөйлөргө токтолоюн. Биздин конушта борбордук көчөлөргө гана асфалть басылган. Калган көчөлөрүбүздүн чаңы сапырылып эле жатат. Жалпысынан алганда инфраструктурасы жасалган эмес. Болбосо ал конуш Бишкекте 30 жыл мурун биринчилерден болуп пайда болгон конуш. Эл эртели -кеч эс ала тургандай чакан парк болсо жакшы болот эле. Буга чейин көп эле партиялар шайлоолордун учурунда келишип укмуш убадаларды беришкен. Ал тургай бир жылы бир партия көчөбүзгө свет коюп, бирок шайлоодо өтпөй калганда столбалардын башындагы лампочкалардын баарын чечип кетишкен. Бул эми элди шылдыңдоого жатып калат да. Ошондуктан эл улам эле шайлоолордо жаңыла бербей, эл үчүн чын дили менен иштеп бере турган татыктуу партияны, татыктуу талапкерлерди тандап алуусу зарыл…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here