Кыргызстанда бир сутка ичинде 870 адамдан коронавирус аныкталды, 404 киши сакайды, тилекке каршы, беш киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 470;
  • Ош шаары — 113;
  • Чүй облусу — 100;
  • Ош — 74;
  • Талас — 7;
  • Нарын — 10;
  • Ысык-Көл — 20;
  • Жалал-Абад — 76.

Пандемия башталгандан бери расмий түрдө 114 300 кыргызстандыктан вирус чыкты.

Тилекке каршы, өткөн суткада беш киши өтүп кетти. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто жана дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Жалпысынан вирус 1925 кишинин өмүрүн алды.

Айыккандар:

  • Бишкек — 175;
  • Ош шаары — 46;
  • Чүй — 84;
  • Ош — 30;
  • Талас — 4;
  • Нарын — 8;
  • Ысык-Көл — 24;
  • Жалал-Абад — 24;
  • Баткен — 9.

Жалпы жонунан 104 706 бейтап ооруну жеңди.

Учурда республиканын стационарларында 2 285 бейтап жатат. Ошондой эле амбулатордук түрдө 4 323 киши дарыланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here