Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1920 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 653 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (269) жана Чүй облусунда (116). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 113 430 адамга жетти. Бир күндө 372 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2206 адам жатат, дагы 3946 бейтап үйдөн дарыланууда. Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here