Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэриясындагы жемкорлукту аныктоо ишинин алкагында мурдагы вице-мэрлердин биринин мүлкү боюнча кылмыш иши тергелип жатканын 15-июнда билдирди. Бишкекте вице-мэр болуп 2019-2020-жылдары иштеген Уланбек Азыгалиев жөнүндө болуп жатканы маалым болду. УКМКнын маалыматына караганда, ал кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык киреше алуу максатында өзүнө байланышы бар компанияларга көп кабат үй куруу үчүн уруксат кагаздарын алууга жардам берген деп шектелүүдө.

Атайын кызмат мурдагы вице-мэрдин өзүнө жана жакындарына Бишкекте жана Ысык-Көлдө жети жер тилкеси, 11 кеңсе жайы, төрт турак эмес жай, 11 батир, 10 автоунаа токтотуучу жай, Ысык-Көлдө эки коттеж, кымбат баалуу беш автомашина катталганын билдирди.

УКМК жалпысынан 100 миллион сомдон ашуун каражатка бааланып жаткан мүлк мурдагы муниципалдык кызматкердин кирешеси тууралуу расмий маалыматка дал келбей турганын, учурда ыкчам тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Коррупцияга шектелип жаткан Азыгалиев УКМКнын билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал вице-мэрлик кызматты 2019-жылдын февраль айынан 2020-жылдын декабрына чейин аркалаган. Быйыл апрелде өткөн жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан» талапкер болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here