Өткөн суткада коронавирус 459 кишиден катталып, 257 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 178;
  • Ош шаары – 122;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош облусу – 46;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу — 11;
  • Жалал-Абад облусу – 64;
  • Баткен облусу – 21.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 110 829га жетти. Анын ичинен 102 890ну дартты жеңген. Айыккандар: Бишкек шаары – 132. Ош шаары – 35;, Чүй облусу – 33;, Ош облусу – 15;, Талас облусу – 5;, Ысык-Көл облусу – 16;, Жалал-Абад облусу – 18;, Баткен облусу – 3.,

Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан тогуз бейтап көз жумду. Анын алтоо Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган. Коронавирус жалпы 1 899 адамдын өмүрүн алды. Стационарларда 2 041 адам дарыланып жатат. Алардын 582си оор абалда болсо, 96 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here