1. Дордой эгемен Кыргыз Республикасы менен тең жашта. Дордой, Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон алгачкы жылы ишин баштаган ата мекендик бизнестин өкүлү болуп саналат. «Дордой» ассоциациясынын тарыхы 1991-жылы 5-декабрда башталган, дал ошол күнү Бишкек шаарынын түндүк четиндеги каралбаган саздак аймакта «Дордой» базары негизделген. Убакыттын өтүшү менен ал эл аралык маанидеги соода-логистикалык комплексине, хабга айланды.
  1. Дордой эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң ири экономикалык долбоор. Түзүлгөн жумуш орундары боюнча алып караганда Дордой чыныгы гигант, 2008-жылы Дүйнөлүк Банктын изилдөөсүнө ылайык, түздөн-түз базарда иштеген адамдардын саны 50 000, ал эми базар менен байланышкан башка тармактарда иштеген адамдардын саны 100 000 -150 000 деп айтылган. Мындан тышкары, базар аркылуу киреше тапкан адамдардын камкордугунда 600 миңге жакын жаран турат деп белгиленген. Бүгүнкү күнгө чейин Дордой он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган ири эмгек рыногу катары ишин улантып келет. Алардын катарында сатуучулар, жеке ишкерлер, Дордой базарына кызмат көрсөткөн каржы, логистика, транспорт жана башка тармактардын кызматкерлери ж.б. бар. «Дордой» ассоциациясына кирген компанияларда 1500гө жакын адам иштеп, эмгек акы алышат.
  1. Дордой, көптөгөн өлкөлөрдө таанылган улуттук бренд. «Дордой» эл аралык деңгээлде жазылып, көрсөтүлүп, айтылып жана анализделип келген Кыргызстандын аз сандагы бренддеринин жана чет өлкөлүк туристтер көрүүгө ашыккан кызыктуу жерлеринин бири болуп саналат. Дүйнөгө белгилүү Forbes журналынын версиясы боюнча Дордой дүйнөдөгү эң ири он базардын катарына кирген.
  2. Дордой — түтүнсүз ири фабрика. Эгемен Кыргызстандын тарыхында эки ири долбоор болгон: Дордой жана Кумтөр. Кумтөр айлана-чөйрөнү бузуп, 400 тоннага жакын алтын казып, аны сыртка чыгарып, Кыргызстан бул долбоордон 20 жылдын ичинде 1,5 миллиард доллар гана иштеп тапкан. Ал эми Дордой ээн талааны түтүнсүз ири фабрикага айландырды, ал жерде он миңдеген адамдар өз бизнесин ачып, жумушун таап, үй-бүлөсүн бакканга мүмкүнчүлүк алышты. Дүйнөлүк Банктын 2008-жылкы маалыматы боюнча,  Дордой базарында иштеген адамдардын (сатуучулар, тейлөөчү персонал ж.б.) жылдык жалпы кирешеси (б.а. эмгек акылары) болжол менен 250 миллион долларды түзгөн. Эгерде 30 жылдын ичинде Дордой базарында иштеген адамдар орто эсеп менен жылына 50 миллион доллар киреше алышты деп эсептесек (Дүйнөлүк Банктын эсептик көрсөткүчтөрүнөн беш эсе аз кылып карасак), анда кыргыз эли Дордой аркылуу жок эле дегенде 1,5 миллиард доллар киреше тапкан десек болот.

Дордой — өлкө бюджетинин негизги булагы. Бюджеттик түшүүлөрдүн көлөмү боюнча Дордой «Кумтөр» алтын казуучу компаниясынан кем калбайт. Мамлекеттик бюджетке жыл сайын орто эсеп менен 3-4 миллиард сом түшөт (бюджеттин кирешеси төмөнкүлөрдөн турат: 1) пайдага, жолдорго салыктар, ФЛЧС, НДС, жер салыгы жана чекене соодага салык жана башка төлөмдөр — болжол менен 300 миллион сом; 2) базарларда соода кылган жана өз ишин ыктыярдуу патенттин негизинде жүргүзгөн жеке адамдардын төлөмдөрүнөн — болжол менен 250 миллион сом; 3) Дордой соода-логистикалык комплексинде сатуу сатуу үчүн ташылып келинген товарлардын  бажы төлөмдөрү (алым, акциздик салыктар, НДС) — 2-3 млрд. Сом.)

  1. Дордой — жалпы экономиканын өсүшүнүн катализатору. Эл аралык жана ата мекендик эксперттердин айтымында, Дордой Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына олуттуу жана көп кырдуу таасирин тийгизди. Ата мекендик экономиканын 18ге жакын ар кандай багыттарын жана тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берди (автомобиль, аба жана темир жол байланышы, жеңил өнөр жай, каржы, логистика жана башка тейлөө тармактары ж.б.). Дордой базары өзгөчө тигүү тармагынын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизген. USAIDдин изилдөөлөрүнө ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын продукциясынын экспорту болжол менен 150 млн долларды түзүп, бул тармакта 40 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Ички инвестиция булагын жандандырууда дагы Дордойдун ролу өзгөчө. Аталган базарда жакшы натыйжаларга жетишкен көптөгөн ишкерлер жаңы ишканаларды, заводдорду жана фабрикаларды ачып, башка тармактарга көптөгөн инвестицияларды салышкан.
  1. Дордой — жарандардын ишкердик жөндөмдөрүн калыптандырган мектеп. Жеке ишкердик, жеке менчик, жеке демилге, эркин экономикалык мамилелер жана либералдык баалар эмне экендигин мурдатан билбеген кыргыз коому үчүн 90-жылдар шок жана чыныгы кыйроо мезгили болгон. Өлкө жана карапайым калк үчүн оор болгон ошол мезгилде тез арада коомду жетектеп, аларды ишкердикке үйрөтө турган масштабдуу долбоор зарыл болуп турган. Дордой базары дал ушул масштабдуу милдетти аткарды. Ал ишкердик классты калыптандырган жана рынок системасынын орношун тездеткен мектеп болгон. Оор сыноолордон ийгиликтүү өткөн, Кыргызстан эле эмес Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн ири базарларында да ишмердигин жүргүзгөн кыргыз ишкерлеринин бүтүндөй мууну калыптанган. 

Дордой тышкы миграциянын чоң агымын токтоткон. Түздөн-түз «Дордой» базарында иштеген 50 миңге жакын адам жана «Дордой» базарынын ишмердүүлүгү менен  байланышкан башка тармактарда иштеген 200 миңден ашуун адам, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү чет мамлекеттерге эмгек мигранты катары кетүүгө мажбур болушкан жок. Бул эбегейсиз көп адамдар өз мекенинде туруктуу киреше булагын тапты. Ошол жылдары жумушсуздуктун айынан канчалаган мекендештерибиз жакшы жашоо издеп, Кыргызстандан массалык түрдө кетишкен.

  1. Дордой — орто классты калыптандырган негизги фактор. Дордой базарынын пайда болушу кандайдыр бир денгээлде 90-жылдардагы жалпы жумушсуздуктан улам келип чыккан социалдык чыңалууну азайткан, мүмкүнчүлүк жараткан факторлордун бири болгон. Миллиондогон адамдар жакырчылыктын чегинде жашап жаткан мезгилде Дордойдун ишкерлери өз жашоосун татыктуу кам көрө алган орто класстын негизин түзүп турган.
  1. Дордой — ата мекендик компаниялардын арасындагы эң ири меценат

Акыркы 10 жылда спортту, маданиятты, билимди, илимди, жаштарды жана калктын социалдык аялуу катмарын колдоого жана өнүктүрүүгө 500 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.  Спортту өнүктүрүүгө жыл сайын 30 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле, масштабдуу маданий иш-чараларга 30 миллион сомдон ашык, билим берүү тармагына 25 миллион сом бөлүнгөн, жүздөгөн китептер, илимий изилдөөлөр жана монографиялар басылып чыккан, археологиялык экспедицияларды өткөрүүгө жана ар кандай билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чындоого колдоо көрсөтүлгөн. Республиканын бардык аймактарын камтыган 30 миңден ашуун жаштар заманбап билим жана инсандык өнүгүү багытында тренингтерди алышты, республиканын бардык аймактарында гранттык негизде 10 билим берүү борборлору ачылды. Жаш таланттарды жана жаш илимпоздорду колдоо үчүн 10 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Акыл-Тирек долбоорунун алкагында илимди колдоо үчүн, 250дөн ашык окумуштуулардын демилгелери 10 миллион сом өлчөмүндө колдоого алынды. 31 миллион сомго 9 мечит жана 3 медресе курулду. Ошондой эле, калктын социалдык аялуу катмарын колдоо жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн кайрымдуулук жардам катары 105 миллион сом бөлүнгөн.

Дордой ата мекендик спорттун биринчи орундагы спонсору. Дордой ата мекендик спортту профессионалдык деңгээлде колдогон талашсыз лидер. Дордой колдогон спорттун түрлөрү эл аралык мелдештерде Кыргызстанды ийгиликтүү таанытып келет. Алар футбол, эркин жана грек-рим күрөшү, волейбол, шайба, хоккей, көркөм гимнастика, бокс, каратэ-до жана башка спорттун түрлөрү боюнча кесипкөй клубдар жана командалар. Спортту өнүктүрүү үчүн тиешелүү материалдык-техникалык база зарыл. Бишкек шаарындагы «Дордой» спорт комплексин курууга 130 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Мындан сырткары бүгүнкү күнгө чейин Кой-Таш эс алуу борборунун футзал жана теннис корту, Ысык-Ата районунда күрөш жана дзюдо залдары, Нарын облусунда футболдук стадион, ошондой эле Ат-Башы районунда футболдук аянтчалар, күрөш жана бокс залы курулган. Ак-Талаа районунда күрөш залын курууга материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ак-Өргө турак-жай конушунда, Аламүдүн паркында, К.Жакыповдун сейил багында, Токмокто жасалма чөптүү футболдук аянтчалар курулуп, Нарын шаарында футболдук аянтча курууга жардам көрсөтүлгөн. Токмокто табигый чөптүү стандарттуу футбол аянтчасы жана мини футболдук жасалма аянтчасы курулган. Футболду жана дене тарбияны өнүктүрүү үчүн республиканын аймактарына 50дөн ашык мини футболдук аянтчанын жасалма каптоо комплекттери берилген, алардын көпчүлүгү толугу менен иштеп жатат.

Дордой — бул кыргыз футболунун негизи жана символу. Бүгүнкү күндө «Дордой» футболдук клубу кыргыз футболунун сап башында турууда. Улуттук курама команданын негизин «Дордой» футболдук клубу түзүүдө. “Дордой” спорт комплекси учурда жогорку профессионалдык деңгээлге ээ үч футбол клубун каржылап келет. Спорт клубдун базасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн футбол академиясы ачылып, ал жерде 18 топ түзүлүп, анда 5 жаштан 18 жашка чейинки 360 жаш спортчу машыгууда.

Дордой — улуттук көк-бөрү оюнун жандандырган башкы демөөрчүлөрдүн бири. «Дордой» ассоциациясы улуттук «Көк бөрү» оюнун жандандыруунун башында турду. 90-жылдардын ортосунда Көк-Бөрүнү жандандыруу жана жайылтуу үчүн Дордой Ассоциациясы тарабынан 50 миллион сом бөлүнгөн, аталган колдоонун аркасында Көк Бөрү конкреттүү заманбап эрежелерге ээ, профессионалдык клубдары болгон жана хоккей же футбол сыяктуу өзүнүн Федерациясы бар эл аралык оюнга айланды. Кыргызстанда иштелип чыккан оюндун эрежелери коңшу мамлекеттер тарабынан эл аралык эреже катары кабыл алынган. Көк бөрү федерациясы жана расмий каттоодон өткөн клубдар түзүлүп, стадиондор оңдолуп, оюнчулар колдоого алынып, масштабдуу оюндар өткөрүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here