«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков камакка алынды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы КАБАРЛАДЫ. Ал 8-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалыматына ылайык, Дашков «»Кыргыз темир жолу» ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Андан тышкары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болууда. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган. Василий Дашков 18-майда да кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Атайын кызмат ал ошондон бери зыяндын ордун толтурбаганы үчүн камакка алынганын билдирди

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here