Кызматтан алынган Кубанычбек Турдубаевдин ордуна энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалган Доскул Бекмурзаев тармакты кыска арылыкта түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирди.

«Энергетика системасында олуттуу реформалар болот. Эл каалагандай, самап, күтүп жаткандай реформаларды ишке ашырабыз. Тариф саясатында, башка тармакта кыска аралыкта реформа жасалат», — деди Бекмурзаев.

Президенттин администрациясы министрликтеги кадрдык алмашууга комментарий бере элекк. Кубанычбек Турдубаев да кызматтан бошотулушу тууралуу пикир билдирүүдөн баш тартты.

8-июнда жаңы дайындалган Доскул Бекмурзаев буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген. Андан мурда «Түндүк электр» ишканасын жетектегени белгилүү.

Президент Садыр Жапаров апрель айында кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керектигин жүйө келтирген.

Кыргызстанда электр жабдууларынын 70-80% жакыны эскирип бүткөнүн «Улуттук энергохолдинг» билдирип келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here