Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Ал 66 жашында көз жумганын сахналаштары бүгүн, 7-июнда билдиришти. Жакындарынын билдиришинче, ал пневмония болуп ооруканада жаткан.

Р.Разыков «Таң жылдызы», «Бешилик», «Беш кемпир» топторун түзүп, куудул таланттарды чогулткан. Ал 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында жарыкка келген.

Разыков чыгармачылыктан тышкары саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Ал катышкан “Ар бир айдын алтысы”, “Ортодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” сыяктуу концерттерде бийликтеги адамдар тамашага салынып, сындалчу.

Разыков ушул жылдын январь айында “Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” аттуу концертине бийлик бут тосуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды суракка чакырганын билдирип чыккан. Ал бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Соңку парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси (22) менен шайлоого барган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here