Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев буга чейин «Айтыш» коомдук фондунун жооптуу катчысы, төрагасы болуп эмгектенген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун солисти, «Салттуу музыка» коомдук фондунун аткаруучу директору жана КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү кызматтарында эмгектенген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here