Кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Бакай Асылбек уул Бишкекте кичавтобустар жол кирени көтөрүү маселеси менен ишке чыкапай койгондон баштап: жумуштарына, үлөрүнө ж.б. жерлерге жете албай кыйналган элге кол сунуп, өзү жетектеген «Макый -Дан -Бадырак» фирманын машинелерин эл ташууга чыгарды. Жалпысынан 45 ар кандай маркадагы жеңил унаалар 2-3 күндөн бери Бишкек шаарынын тургундарын көздөгөн жерине бекер ташып жатканын дагы бир ирет баса белгилеп айтмакчыбыз.Бул унаалар айрыкча кечкисин эл жумуштан чыккандан тарта түн бир оокумга чейин эл кызматында болууда. Бул акцияны уюштургандарга эл ак батасын берүүдө. Бакай мырзанын мына ушундай үлгүлүү ишинен башка жеке ишкерлер, байлар дагы үлгү алып, элге жардам беришсе деген тилек айтат элек. Ал эми Бакай Асылбек уулуна элдин керегине жарап, ак батасына арзып жүрө бер демекчибиз…

https://youtube.com/watch?v=uTXAdaODiHY%3Ffeature%3Doembed

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here