Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү Баткен чек ара отрядынын 18 жаштагы катардагы жоокери (М.Д.) ок атуучу куралдан өзүн-өзү атып алганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жоокер милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө быйыл жазда барган.

Окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенип жатат. Тергөөнү Башкы прокуратуранын Аскердик прокуратурасы алып барууда.

1-июнда Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан эки жоокер куралды этиятсыз колдонуудан улам жараат алышкан. Алардын бири ошол эле күнү, экинчиси 3-июнда каза болгон. Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here