Бүгүн Бишкекте өзүм билемдик менен айрым маршурткалар жол кирени 15 сомго көтөрүп алып иштеп жатышат. Бул боюнча так маалыматты береги сүрөттөн көрүүгө болот. Ал эми Бишкек мэриясы бул боюнча азырынча эч кандай чара көрө элек. Мыйзам боюнча жол кире маселесин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары сессияда карашы керек эле. Тилекке каршы, Бишкек бийлиги шалаакылык кылып турат. Ал ортодо Бакай Асылбек уулу баштаган мекенчил жигиттер көздөгөн жерине жете албай кыйналган элди ондогон унаалар менен бекер ташып,элдин батасына арзып жатышат… Ошол эле учурда карапайым элдин капчыгындагы бир аз акчаны кагып калуу максатында ар кандай баа менен күжүлдөп иштеп жаткан таксилердин күнү да тууп жатат. Деги эле бийлик мындай көрүнүшкө эмне мынча кайдыгер карап жатат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here