Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунунун (А.Т.) сөөгү 5-июнда асылган абалда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал ушул эле райондун Жаңы-Жер айылындагы 18 жаштагы кызды атып кеткен деп шек саналып жаткан. Ага издөө жарыяланган болчу. Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган автоунаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жараат алганы аныкталган.Социалдык тармактарда кыз классташы тарабынан өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүгүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here