Белгилүү болгондой жакында Жогорку соттун судьясы болуп буга чейин Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүн жетектеп келген БАЗАРБЕКОВ Замирбек Курамаевич менен анын орун басары Мусаев эң көп бал алышып, шайланышкан.  Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов бүгүн Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер учурунда жаңыдан судья болуп шайланган Мусаевдин Сокулук районунда иштеп тургандагы кылмыштуу иштери тууралуу маселе көтөрдү. Депутаттын айтымына караганда: Мусаев сот болуп турганда өлгөн адамды тирүү кылып, жалган документ жасатып, бир күндө 20 чечим чыгарткан. Бирок ал кылмышы ачыкталып калганда, өз чечимдерин өзү жок кылган. УКМК бул боюнча Мусаевге кылмыш козгогону карабсатан жоопко тартылган эмес.

Мындан тышкары, Токтомамбетов жакында өткөн жаңы Башы мыйзам боюнча Жогорку сот, Конститутциялык сотко байланыштуу мыйзамдар боюнча коомдук талкуудагы алешемдиктерди ачык айтып, сынга алды. Депутат бул ишке президенттик администрация кийлигишип жатканын, эмне үчүн соттордун өздөрүн соттор тууралуу мыйзамдарды жазуу укугунан ажыратып жатышканын айтып, маселени кабыргасынан койду:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here