Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары 27-майда да сурак берип чыкканын ЖМКларга өзү маалымдады.

Бир күн мурун да суракка чакырылганын «Азаттыкка» Аскер прокуратурасындагы жеке булактар маалымдаган.

Кумтөргө байланыштуу кылмыш иштерин териштирип жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) азырынча Сариевдин суракка чакырылганын бышыктай же төгүндөй элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыларын билдирген эле.

Ушул айдын башында парламент «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алып, ал 14-майда күчүнө кирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here