Жети-Өгүз районунда 3 жаштагы бала ур-токмоктон улам чарчап калды. Бул фактыны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 15-май күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн саат 12:32 чамасында Кызыл-Суу айылынын 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г. аттуу тургундары денесинде көк ала тактары ​​бар, эс-учун жоготкон 3 жаштагы баланы ооруканага алып келишкени боюнча билдирүү түшкөн. Бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, өзүнө келбей көз жумган.

Бул факт Жоруктар жөнүндө кодексинин 65-беренесинин («Уруп-сабоо») негизинде Кылмыштардын менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн райондук ИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Күбөлөрдү сурамжылоонун жүрүшүндө баланын энеси уулун 33 жаштагы М.Г. аттуу кудачасына таштап, Россия Федерациясына иштегени кеткендиги аныкталды.

Баланы караган аялдын айтымында, 15-майда болжол менен саат 12:00 чамасында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулаган. Ал эми баланын денесинде көгөргөн тактар, анын бир нече жолу чымчып алгандыгынан улам пайда болгон.

Соттук-медициналык эксперттин алдын ала маалыматы боюнча, бала башынан оор жаракат алган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алдын ала корутундусунун негизинде жоруктар иши Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна (Ден соолукка оор жаракат келтирүү, байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) өзгөртүлгөн.

Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы М.Г.ны милицияга алып келишкен. Ал жакта жактоочунун катышуусунда ден соолукка олуттуу зыян келтирген деген шек менен эскертүү берилген.

Аял Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Подозреваемая в избиении ребенка

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here