Кыргызстан коңшулаш Тажикстан менен чек арасын убактылуу «толук» жапты. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы олуттуу маселелер чечилмейинче кыймылды токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Кыргызстандын бул кадамы чек араны чечүүдө канчалык таасир этет?

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө «убактылуу чектөө» киргизилген.

«Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Фейсбуктагы» баракчасында.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here