Эртеби, кечпи адамзат дагы жаңы пандемияга туш болот, ал мындан да кооптуу болушу мүмкүн», — деп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал мындай пикирин Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеянын 74-сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып билдирген.

«Бул дүйнө кооптуулукка кабылып жаткан акыркы учур эмес. Мындан дагы көп өлүм алып келген, мындан да жугуштуу болгон жаңы вирус пайда болот», — деп билдирген ал.

ДССУ жетекчисинин айтымында, вирус менен күрөшкөн мамлекеттер бири-бири менен атаандашпай, тескерисинче кызматташуусу керек.

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеянын 74-сессиясы 24-майдан башталган. Сессия 1-июнда аяктайт. Анын негизги темасы — пандемияны тез арада бүтүрүп, дени сак, коопсуз жана адилет дүйнөнү калыптандырып, кезектеги пандемияга даярдыкты камсыз кылуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here