Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы Камчыев Курбанбек Камчыевич райондук мекеме жетекчилерине тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаңы акимди райондун активине Президенттин администрациясынын мамлекеттик башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Памирбек Керимов тааныштырды.

«Президенттин жарлыгына ылайык, дээрлик бардык акимдер ротацияланды. Ал эми аттестациядан өтпөй калган акимдер бошотулуп, ордуна аймактык кадрлар резерви боюнча жаңы акимдер дайындалды. Президенттин 24-майдагы жарлыгы менен Кочкор районуна Камчыев Курбанбек Камчыевич аким болуп дайындалды», — деп билдирди Памирбек Керимов.

Жаңы акимдин билдирүүсү: https://www.instagram.com/p/CPTcEUJnKQF/

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы Курбанбек Камчыевичтин ишине ийгилик каалап, Кочкор району Нарын облусундагы алдыңкы район экенин, бул районду мындан да алдыга жылдырарын билдирди. Райондук мекеме жетекчилери жаңы акимди кызмат орду менен куттуктады.

Өмүр баяны:

Камчыев Курбанбек Камчыевич 1972-жылы 23-февралда Сүлүктү шаарында туулган. Үй-бүлөлүү.

Билими:

— 2003-2006-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика факультетин аяктап, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин алган;

— 1997-2001-жылдары Ош шаарындагы Ош мамлекеттик технологиялык университетинин юридика факультетин аяктап, юрист адистигин алган;

— 1991-1994-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы атайын орто медициналык окуу жайынын дарылоо факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, фельдшер адистигине ээ болгон.

Иш тажрыйбасы:

— 2020-жылдын 11-январына чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын директору;

— 2013-жылдын 22-мартынан 2019-жылдын 5-ноябрына чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору;

— 2013-жылдын 25-январынан 22-мартына чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу жана маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

— 2012-жылдын 19-октябрынан 2013-жылдын 25-январына чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

— 2012-жылдын 23-августунан 19-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу жана маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

— 2000-жылдын 4-апрелинен 23-августуна чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

— 2000-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын Лейлек-Баткен-Сүлүктү боюнча филиалынын башкы адиси;

— 1999-2000-жылдары Саламаттыкты сактоо министирлигинин астындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

— 1994-жылдан 1999-жылга чейин Лейлек райондук борбордук ооруканасынын фельдшер-анестезист жана статисти;

— 1990-жылдан 1991-жылга чейин Исфана шаарындагы тигүү фабрикасында айдоочу;

— 1989-жылдан 1990-жылга чейин Исфана шаарындагы тигүү фабрикасында жүктөөчү болуп иштеген.

Алган сыйлыктары:

— 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук профсоюзунун ардак грамотасы;

— 2003-жылы Кыргыз Республкасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ардак грамотасы;

— 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси;

— 2006-жылы Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;

— 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы;

— 2015-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атайын кол сааты менен сыйланган;

— 2016-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;

— 2016-жылы Сүлүктү шаарынын мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;

— 2016-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;

— 2016-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;

— 2016-жылы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;

— 2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун «Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун фондунун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган;

— 2016-жылы Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын түзүлгөндүгүнө 15 жыл юбилейлик медалы менен сыйланган;

— 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде сүйлөйт.

Курбанбек Камчыев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here