Чүйдүн Сокулук районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен марихуана жана бульбулятор табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-майда милиция кызматкерлери тарабынан Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен санкциялаштырылган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«Натыйжада 1969-жылы туулган «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери кармалган. Анын кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 граммды түзгөн марихуана баңгизаты табылып алынган.

Мындан сырткары, тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдө 10 жаран болгон, алар дагы жогоруда аталган коомдук кыймылдын жигердүү мүчөлөрү экендиги такталды. Алар: 50 аштагы үйдүн ээси, 53 жаштагы үч жаран 45, 44, 43, 40, 38 жана 35 жаштагы жарандар. Кармалган бул жарандар баңгизатка мас абалында болушканы аныкталган.

Тинтүүнүн жүрүшүндө, ашканадан бөтөлкөдөн кара куурай кендир жытына ээ болгон өсүмдүк табылып алынган. Ошондой эле, мончонун кийинүү бөлмөсүндө кара-куурай жытына ээ болгон баштык табылган. Бул табылып алынган заттар 427 граммды түзгөн марихуана баңгизаты экендиги аныкталган. Ошондой эле, кармалган жарандардын биринин шымынын чөнтөгүнөн сары полиэтилен баштыкка оролгон 3 грамм 625 миллиграммды түзгөн марихуана баңгизаты табылган», — деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

20-майда кармалган 10 жарандын экөөсү убактылуу кармоочу жайына киргизилсе, анын сегизөө тергөө амалдарынан кийин келип туруу милдеттенмеси менен бошотулган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалашты.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here