Кыргызстан Кумтөрдүн айланасындагы соттук териштирүүлөргө АКШ жана Канаданын алдыңкы юридикалык компанияларын тартты. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында «Кумтөр» компаниясынын ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

«Башында «Комеко голд», андан кийин Centerra Gold Inc. деп аталган компанияга алданып, кемсинип калганыбызга ичим ачышып турат. Жеке мен мындай басынткан «өнөктөш» менен кызматташууну улантуунун кажетин көргөн жокмун. Биз тезинен мамилелердин шарттарын карап чыгып, чечим чыгарышыбыз керек. Бул үчүн азыр АКШ менен Канададагы юридикалык компаниялар менен биргеликте иштеп жатабыз», — деди ал.

«Кумтөр Голд Компани» боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here