Жогорку Кеңештин эс-депутаты Исхак Масалиев “Туран” партиясынын лидери, камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовдун ишине байланыштуу башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Анда Молдокматов октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилиги менен камакта жаткан саясатчылар, анын ичинде ошол кезде түрмөдө отурган Садыр Жапаровду бошотуу тууралуу сүйлөшкөнү белгиленген. Эгер Молдокматовдон калайман башаламандык уюштурган деген айып алынып салынбаса ушул эле берене менен Садыр Жапаровду, Өмүрбек Суваналиевди, Сыймык Жапыкеевди, Алмамбет Шыкмаматовду дагы башка бир катар адамдарды жоопко тартууга байланыштуу суроо жараларын белгилеген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here