Бир демилгенин аркасы менен

“Биз Жер планетасын сактап калабыз”. Мына ушундай тема менен мурдараак макала жазганбыз. Ооба, чындап эле дал ушундай демилгени Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын депутаттары көтөрүп чыгышкан. Биз дагы аны угуп, аракеттерин көрүп, толкунданганбыз. Себеби, учурда экологиялык маселелер экинчи орунга жылып, ага өз деңгээлинде маани берилбей келет. А чындыгында, бул маселе азыркы күндүн талылуу маселеси болушу кажет эле.

Элдин саны көбөйүп, курулуш жерлер, айдоо аянттар ке=ейген сайын жайыт жерлер кыскарып, табигый өсүмдүктөр жоголуп, жер кыртышы бузулуп, аба, суу булганууда. Мөңгүлөр эрип, деңиздер соолуп жатат. Экологдордун айтуусунда, азыр жер жүзүндө биокөптүрдүүлүк сакталып калбаса, экобаланс бузулат. Башкача айтканда, табигый өсүмдүктөр, жаныбарлардын кайсы бир түрү жоголсо, жаратылыштагы чынжырча үзүлөт. Башкача айтканда, табиятта бир жашоо башка бир жашоонун улануусуна шарт түзөт. Демек, ар бир өсүмдүктүн, курт-кумурсканын өзүнүн маанилүү орду бар. Экосистеманын бузулушу — жер жүзүндөгү кыяматтын башталышы десе да болот.

Учурда Кыргызстанда да абал көңүл жубатарлык эмес, өлкөбүздөгү бай биологиялык көп түрдүүлүк ресурстарынын азайышы калктын социалдык-экономикалык жашоо шарттарынын начарлашынан улам да келип чыгууда. Мал көбөйгөндүктөн жана алыскы жайыттарды колдонуу уюшулбагандыгынан чөп азайып, жылдан жылга анын баасы асман чапчып жатат. Сууларды кой, көлдө балык азайып, биз бала кезде көрүп жүргөн канаттуулар көрүнбөй калды.

Мына ушу маселелерди чечүүгө салым кошуу максатында саруулук аял депутаттар “Жууку дарыясынын жандуу жайылмасы кичи коругу” долбоордун негизинде бир гектардан ашык жерди курчап, микрокорук уюшулган эле. Анда иштеп жаткандар алар жасаган корук Жер планетасын сактап калуучу аралча экенин айтышкан. Көрсө, биокөптүрдүүлүктүн очоктору белгилүү гана территорияларда болот экен. Ошол территориянын көбү Кыргызстанда жайгашканын окумуштуулар белгилешүүдө. Демек, Кыргызстан — Жер планетасына таасир берүүчү өлкө.

Бирок, өткөн жумада Саруу айылында кайрадан тургундар чогулуп, ушул маселе кайрадан талкууланды. Себеби, дал ошол демилгеге каршы чыккан бир катар адамдар ал коруктун алынуусун талап кылышып, ал жерге уйларыбыз жайылышы кажет деген ойлорун ортого салышты.

Саруу айылдык кеңештин депутаты Клара Шекенбаева бул корук айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеши менен биргеликте уюшулуп жатканын айткан. Бул демилгени аял депутаттар көтөрүп, «Лидер» бейөкмөт уюму менен биргеликте долбоор жазышкан. Анын билдирүүсүндө, айыл өкмөт аталган корукка өздүк салым үчүн 150 миң сом бөлмөк. Ал каражатка коруктун айланасы курчалып, долбоор аркылуу уруктар берилмек. Депутаттар айылда түшүндүрүү, маалымат берүү иш-чараларын уюштурган, такталарды жасап, айыл ичине илишкен. Атайы коомдук угуу аркылуу ага барган жергиликтүү элдин да, башка депутаттардын да колдоосун табышкан. Арийне, баардык тургундарды бул окууларга чакырып келтирүү мүмкүн болгон эмес. Корук бир-эки жылдан соң улам башка орунга которулуп турушу шарт эле.

Эмнеге дал ушул жер? Тургундар да ушул маселеге кызыгышты. Көрсө, экологдор ушул жер экосистеманы сактап калууга жөндөмдүү экенин аныкташкан. Бул тилкелерди иликтегенде, анда суу, суунун жээгинде жапайы өрүктөр бар экени, сай, андагы чычырканак жана башка өсүмдүктөр баардыгы экобалансты сактоого жөндөмдүү болгон. Алардын айтуусунда, мөмө-жемиш бактарынын азыркы сортторунун баштапкы түрлөрүн сактоо, көбөйтүү экобалансты сактоо үчүн өтө чоң мааниси бар. Ушундай эле көйгөй жапайы жаңгакта, жапайы алмада, жапайы алмурут жана жүзүмдө бар. Булар жер шарындагы экотеңсалмактуулукту сактап туруучу уникалдуу түрлөр. Кыргызстанда жоголуп бараткан сорттордун жүздөй түрү бар экен.

Микрокоруктун максаты ага жанаша жайгашкан жерлердеги айыл чарба аймактарында пайдалуу фаунаны калыбына келтирүү жана анын көп түрдүүлүгүн сактоо, мөмө дарактарынын уникалдуу жапайы түрлөрүн, кадимки абрикос — Prunus armeniaca багын сактап калуу. Ал үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги уникалдуу токой экосистемасын сактап калуу керек.

Ошондуктан, мындан мурдараак бул жерге Кыргыз Улуттук университетинин доценти, биология илимдеринин кандидаты Илья Домашов келип, мектеп окуучулары менен биргеликте жапайы өрүктүн данектерин терип, жерге олтургузуп, пайдалуу курт-кумурскалар үчүн үй куруп, тажырыйбалык сабак өткөн. Ал мында жаштардын тайпасы иштеп жатканы уникалдуу көрүнүш экенин айтып, мектеп менен биргеликте корукта иш алып баруу боюнча атайы программа түзүп, мында жылы бою иш жүргүзөрүн, бул жер жаштардын илимий практакалык иш-чараларды өткөрүү жайы боло турганын кубануу менен билдирген. Анын айтуусунда, окуучулар бул чөлкөмдү коруп, кам көрүп эле тим болбой, илимий көз карашта иликтөөлөрдү жүргүзүп, тыянак чыгарышмак, сунуш беришмек.

Жогоруда айтылгандай, мына ушул маселенин баарына көз жумуп, каршы чыккан тургундар микрокорук зарылчылыгы жок экенин айтышып, уйлар оттогудай жер калбай калат деген кооптонууларын билдиришти. Алардын айтуусунда, микрокорук жайгашкан аймакта 20 гектардан ашык жайыт жер болсо, анда 200дөй уй жайылат. Андыктан, ансыз да жайыт үчүн жер аянты жетишпей турганда, мындай корукту уюштуруу жайыттын тарышына алып келет. Тургундардын бири бул демилгени диний багытка да буруп, “Мунун башында каапырлар турат” деп да жиберди. Айтор, ошону менен корук алгачкы турган жеринен алынмай болду.

Аталган айылдын тургуну Айбек Сарыбаев бул жерге келген демилгелерге эл ишенбей калганынын дагы бир себеби бар экенин билдирди. “Чындыгында, эл мындай иштерден жалкып калышкан. Бак тигилет, ортонун багы болот деген демилгелер келип, 3-4 жылдан кийин ал жерге тургундар кирбей калган учурлар болгон. Кыскасы, элдин ишеними жоголгон. Андыктан, эл ал жерлер чөп чыкпаган такыр болсо дагы, элдин, ортонун жери болуп турганы жакшы деп эсептейт”,-деген оюн айтты.

Глобалдык токтой коалициясынын төрайымы, БИОМ экологиялык кыймылдын аткаруучу директору Анна Кириленко эгерде, дарыянын жээгинде жайылма токой болсо, аны көздүн карегиндей сактоо керектигин айтат. Демек, мында суу жер кыртышын агызбайт, кооптуу жагдай жаратып, сел жүрбөйт. Токтой шамалдын күчүн азайтат, нымдуулукту кеңейтет. Алардын айланасындагы талаалар жана жайыттар жашылданат. Бул түшүмдүүлүктүн жогорулашына шарт түзөт.

Ал: “Маселен, айдоо жерлерин бөлүп турган токтойлор бар эмеспи. Бул ошол жерлерди сактап калчу тилкелер. Советтик мезгилде айдоо аянттарынын арасында жерди сактоочу токой тилкелери болгон. Алар жазында карды тез эритпей сактап турган. Март айында токойлор шамаал карды учуруп, жердин тез кургап кетпөөсүнө шарт түзөт. Негизи, биз жаратылыштан үйрөнүшүбүз керек. Алар миллиондогон жылдар иштеп келген. Айталы, калктуу конуштарды өнүктүрүү планына айлана чөйрөнү калыбына келтирүү эрежесин сактоо зарыл. Ал үчүн эмне кылуу керек? Биздин мыйзамда микрокорук түзүү көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бийлик тарабынан ылайыктуу жерди коруп, алар аркылуу экобалансты сактоо зарыл. Айталы, аарылар учурда эмнеге өтө маанилүү болууда? Азыр дүйнө жүзүндө чаңдаштыруучулар жоголуп бара жатат. Биз аларды сактоо менен Кыргызстандагы көп түрдүүлүктү эле эмес, Орто Азияда жайыттарды сактап калабыз. Жергиликтүү бийлик жайыттарды жакшыртам десе, ушул аймакты өзгөчө сактоочу зона — микрокорук уюштуруусу зарыл. Ал микроклиматты стабилдештирүүгө багытталган. Ошондо, талаалар продуктивдүү болот. Бул бир карасаң, жөнөкөй эле чечилчү нерсе, экономикалык жактан да ыңгайлуу”,-деп билдирди.

Кыскасы, бул жолу Саруу айылында экология маселеси экинчи планда калды. Дагы деле социалдык маселелер алдыга чыкты. Чындыгында, жакынкы жылдарда эле дал ушул айыл экология маселесин “Кумтөр” аркылуу көтөрүп чыккан эле да.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here