Быйыл Улуу Ата — Мекендик жеңиштин 76 жылдыгын белгилеп жатабыз. Алгач статистикага көңул буралы: 2020-жылдын 1-апрелине карата согушка катышкан ардагерлерибиздин саны Кыргызстан боюнча 241 эле. Быйылкы жылдын 1-апрелине ардагер аталарыбыздын саны 146. Мына ошол 146 ардагердин экөөсү Жумгал районунда жашап жатышат. Анын бири Таш-Дөбө айылынын тургуну Мусаев Абайылда ата бүгүнкү күндө жашы 96га келди. Кандуу согушка 1943-жылы 18 жашында аттанып, Украинада салгылашып, оор жарадар болуп кайткан. 5 эркек, 2 кыздын атасы, ондогон небере — чөбөрөлөрдүн бактылуу чоң атасы. Бул айылдан жалпысынан Улуу Ата-Мекендик согушка 180ден ашуун адам аттанган. Анын 129у согушта мекен үчүн каза болушса, 51и аман-эсен кайтып келген. Таш-Дөбө айылынын тургуну Чынтемиров Бердибек Айбекович Таш-Дөбө айылынан согушка аттанып, мекенди коргогон аталарга эстелик тургузуп, 180ден ашуун адамдын ысымдарын таш бетине жаздырган. Ошондой эле, сомвол катары аскердик техниканы эстеликтин жанына койдурду. Эстеликтин жака-белин жакшыртуу иштерине айыл өкмөтү жардам кылган. Мындан тышкары, айылдагы жалгыз ардагер Абайылда атага 9-май күнү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды. Мына ушундай үлгүлүү ишти жасаган Бердибек мырзанын бул эмгегине жалпы эл ыраазы болуп, ак батасын берип жатышат.

Чынтемиров Бердибек узак жылдар бою эл үчүн кызмат кылып келаткан кыргыздын камчыга сап уулдарынын бири. Ал жогорку билим алгандан кийин, узак жылдар бою Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүндө жооптуу кызматтарда иштеп, аталган айыл өкмөттү дагы бир топ жыл жетектеген. Ошондой жеке ишкерлик менен алектенип, өлкө үчүн өз пайдасын тийгизип келет. Кичи мекени Жумгалдагы ар кандай иш-чараларга, мааракелерге жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө да өз салымын кошуп келүүдө… Ал бир катар министрликтердин громматалары менен сыйланып, мунуципалдык кызматтын отличниги жана КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наамы ыйгарылган.

Мына ушундай эл керегине жараган инсандарыбыз арабыздагы согушка катышып келган саналуу гана калган ардагер аталарыбызга сый-урматын көргөзүп, колунан келишинче белектерин берип, алардын ак батасын алып турушса дейт элек…. Бердибек мырза, мындан ары да ушул сындуу үлгүлүү иштерин уланта берет деген тилектебиз…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here