Ооруну жеңе албай калган бейтаптардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө жана дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясын 379 киши жуктуруп, 304 адам айыкты, тилекке каршы, жети киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Илдет жуктургандар:

  • Бишкек — 240;
  • Чүй облусу — 103;
  • Ысык-Көл — 13;
  • Нарын — 9;
  • Баткен — 5;
  • Ош — 5;
  • Талас — 2;
  • Ош — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Пандемиядан бери оору 99 033 кишиден чыкты. Өткөн суткада жети адам ооруну жеңе албай калды. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө жана дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Коронавирус жалпы 1 667 кишинин өмүрүн алды.

Айыккандар:

  • Бишкек — 191;
  • Чүй — 75;
  • Ысык-Көл — 17;
  • Жалал-Абад — 7;
  • Ош облусу — 3;
  • Ош — 5;
  • Нарын — 6.

Ушуну менен 92 120 киши айыкты. Учурда стационарда 1 703 бейтап дарыланууда. Анын ичинен тогуз адамдын абалы канааттандырарлык, 1 152си орточо, 447си оор жана 95си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 2 542 бейтап бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here